Бишкек шаары2010-жылдын 21-июну УӨ № 97 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин
5-главасына, "КыргызРеспубликасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялыкМыйзамынын
11-беренесине жана Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1
Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат: 1. "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн. 2. "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары- Ишкана) тиркелген уставы бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жана КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги он күндүкмөөнөттө: - Ишкананы жайгаштыруу жөнүндө маселени карашсын жана чечишсин; - Ишкананы белгиленген тартипте каттоодон өткөрүшсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басарына тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева