Бишкек шаары2010-жылдын 23-июну УӨ №99 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасында референ-думга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катышуу үчүн өздүк күбөлүктөр мененөз учурунда камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өк-мөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыр-гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат. 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоокызматы Кыргыз Республикасында референдумга (бүткүл элдик добушберүүгө) катышуу үчүн акысыз негизде жана жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыр-гыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү берүүнү камсыз кыл-сын. 2. Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн жөнөкөйлөтүл-гөн тартипте берүү төмөнкү документтер болгондо жүргүзүлсүн: - документинин жоктугунун объективдүү себептерин көрсөтүү мененарызы; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын гербдүү мөөрү мененкүбөлөндүрүлгөн жашаган жеринен маалымкаты; - Ф-1 формасы: - 3 х 4 см өлчөмүндөгү түстүү сүрөтү, 2 даана. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева