Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 75-т тескемесине) |
2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө окутуу ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы санариптик мамлекетти куруу жана санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча өлкөнү өнүктүрүүнүн векторун аныктады.
Санариптештирүү чөйрөсүндө 10 долбоорду ишке ашыруу белгиленген, анын ичинде интеграцияланган смарт-платформалар/маалыматтык системалар аркылуу улуттук санариптик экосистема, чоң маалыматтар базасы катары жасалма интеллект жана башкалар. Бул контекстте калктын санариптик сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү өзгөчө актуалдуу.
Бүгүнкү күндө санариптик көндүмдөр заманбап жашоонун жана иштин ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бул маалыматты издөө, талдоо, алмашуу жана коргоо үчүн санариптик түзүлүштөрдү жана программалык камсыздоолорду колдоно билүү.
Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде жаштар, улгайган адамдар, аялдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар көбүнчө санариптик көндүмдөргө базалык окутууга, өздөрүнүн социалдык, экономикалык жана саясий укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн санариптик технологияларды колдонуу боюнча түшүнүктөрүн калыптандырууга муктаж болушат.
Программа 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуунун жана санариптик көндүмдөргө окутуунун жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча иш-аракеттердин максатын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт.
2-глава. Кырдаалга жалпы талдоолор жана жетишкендиктер
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясы бардык деңгээлдерде санариптик билим берүүнү киргизүүгө, санариптик көндүмдөрдү жана технологияларды өнүктүрүүгө, башкаруунун бардык деңгээлдеринде мамлекеттик кызматчылар үчүн санариптик көндүмдөргө окутуу программаларын иштеп чыгууга, мектеп партасынан тартып жалпы калк үчүн, анын ичинде аялуу топторду окутуу системасын иштеп чыгууга жана улуттук санариптик контентти мамлекеттик тилде өнүктүрүүгө багытталган.
Санариптик билим берүүнү республиканын билим берүү системасына киргизүү жана илгерилетүү негизги милдеттердин бири болуп калды. Мектептин жана ЖОЖдордун программаларына информатика жана санариптик технологиялар боюнча курстар киргизилип, ошондой эле окутуучулар үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү. Бирок окутуунун сапаты жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк бирдей эмес бойдон калууда, айрыкча региондордо андан ары жакшыртууну талап кылат.
Санариптик технологияларды өнүктүрүү жана жогорку квалификациялуу адистерди жана мамлекеттик кызматчыларды санариптик көндүмдөргө окутуу программаларын иштеп чыгуу дагы артыкчылыктуу багыт болуп калды. "Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоорунун алкагында киберкоопсуздукка, жасалма интеллектке, булут технологияларына жана башка багыттарга багытталган окутуу программалары ишке ашырылды. 1845 мамлекеттик кызматчы жана 188 адис булут технологиясы боюнча окутулду. Ошого карабастан эмгек рыногунун заманбап талаптарына негизделген окуу программаларынын жетишсиздиги жана практикалык тажрыйба алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендиги дагы деле бар.
Жалпы калк, анын ичинде аялуу топтор үчүн санариптик көндүмдөргө окутуу жана кайра окутуу системасы бүткүл өлкө боюнча 73 жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун иштеши аркылуу өнүгүүдө. Бул борборлор ар кандай категориядагы жарандар, анын ичинде мамлекеттик кызматчылар, жаштар, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайган адамдар үчүн окутууну сунуштайт. Бирок чектелген каржылоо жана ресурстар бардык муктаж болгон калктын массалык түрдө камтылышын кыйындатат.
Улуттук санариптик контентти мамлекеттик тилде өнүктүрүү да маанилүү багыт болуп саналат. Кыргыз жана орус тилдеринде билим берүү материалдары иштелип чыкты жана таратылды, улуттук контентти түзүү боюнча долбоорлор колдоого алынды. Бирок мамлекеттик тилде сапаттуу контенттин көлөмү дагы эле чектелүү жана аны түзүү жана жайылтуу үчүн көбүрөөк демилгелер талап кылынат.
Маанилүү жетишкендиктердин бири Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдерде позициясынын жакшырышы болду. 2022-жылы республика БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүү рейтингинде 20 позицияга көтөрүлүп, 193 өлкөнүн ичинде 81-орунду ээледи. Жарандардын электрондук катышуу рейтингинде Кыргыз Республикасы 79-орунду ээледи. Бул жетишкендиктер санариптештирүү жана жарандардын электрондук сервистерге катышуусу жаатындагы прогрессти көрсөтүп турат. Ошондой эле Кыргыз Республикасы мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча позициясын жакшыртты, өлкө глобалдык рейтингде 16 позицияга көтөрүлдү жана 74-орунду ээлөө менен Борбордук Азия регионунда алдынкы орундардын бирин ээледи.
Ошентсе да көптөгөн көйгөйлөр жана чакырыктар дагы деле бар. Алардын негизгилерине санариптик сабаттуулук түшүнүктөрүнүн жана ченемдик укуктук базадагы көндүмдөрдүн так аныктамаларынын жоктугу, санариптик көндүмдөрдүн так стандарттарынын жана квалификация деңгээлдеринин жоктугу, санариптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз жогорулатуу үчүн стимулдардын жетишсиздиги, санариптик сабаттуулук деңгээлине үзгүлтүксүз мониторингдин жоктугу, мекемелердин жана коммерциялык эмес уюмдардын потенциалын жетишсиз пайдалануу кирет.
Калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрдү окутуу муктаждыктары ар түрдүү болушу мүмкүн жана көптөгөн факторлорго, анын ичинде экономикалык өнүгүү деңгээлине, технологиялардын жеткиликтүүлүгүнө жана калктын ар кандай топторунун өзгөчө муктаждыктарына жараша болот. Төмөндө Кыргыз Республикасынын калкы үчүн актуалдуу болушу мүмкүн болгон негизги муктаждыктар келтирилген:
№ | Тармак | Максаттуу аудитория | Муктаждыктары |
1 | Базалык санариптик сабаттуулук | Бардык курактагы адамдар, айрыкча улуу муундар жана буга чейин санариптик технологияларга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эместер | Жеке компьютерлер, смартфондор жана планшеттер менен иштөөнүн негиздерин үйрөтүү. Файлдарды жана папкаларды башкаруу көндүмдөрү. Кеңсе тиркемелери менен иштөөнүн негиздери |
2 | Маалыматка жетүү жана аны колдоно билүү | Студенттер, мектеп окуучулары, ар кыл чөйрөдөгү кызматкерлер, изилдөөчүлөр | Интернеттеги маалыматтын тактыгын издөө жана баалоо көндүмдөрү. Критикалык ой жүгүртүүгө жана маалыматтар менен иштөө көндүмдөрүнө үйрөтүү. Маалыматтык коопсуздук жана купуялуулук принциптерин түшүнүү |
3 | Санариптик коммуникация жана кызматташтык | Ар түрдүү чөйрөдөгү кызматкерлер, ишкерлер, коомдук активисттер, мамлекеттик кызматчылар | Натыйжалуу санариптик коммуникация көндүмдөрү. Онлайн чөйрөдө иштей билүү (аралыктан иштөөнү уюштуруу). Санариптик иденттүүлүктү жана репутацияны башкаруу. Санариптик этика. Санариптик гигиена |
4 | Санариптик контентти иштеп чыгуу жана түзүү | Студенттер, окутуучулар, ишкерлер, креативдүү адистер | Тексттик, графикалык жана мультимедиялык контентти түзүү жана редакциялоо көндүмдөрү. Программалоонун жана эсептөө ой жүгүртүүсүнүн негиздерин үйрөтүү. Практикалык маселелерди чечүү жана инновациялык идеяларды ишке ашыруу үчүн санариптик куралдарды колдонуу |
5 | Санариптик коопсуздукту камсыз кылуу | Санариптик технологиялардын бардык колдонуучулары, айрыкча интернетти жумушу жана жеке керектөөсү үчүн активдүү колдонгондор | Санариптик түзүлүштөрдү жана маалыматтарды киберкоркунучтардан коргоо көндүмдөрү. Жеке маалыматтардын купуялуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу. Санариптик технологияларды колдонуу менен байланышкан психологиялык жана физикалык тобокелдиктерди билүү |
6 | Адистештирилген санариптик көндүмдөр | Ар түрдүү тармактагы (медицина, билим берүү, финансы, мамлекеттик башкаруу ж.б.) кесипкөйлөр | Белгилүү бир чөйрөдө иштөө үчүн зарыл болгон адистештирилген программалык камсыздоону жана санариптик куралдарды колдонууга окутуу. Маалыматтарды анализдөө жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды колдонуу көндүмдөрү |
7 | Жеткиликтүүлүк жана инклюзивдүүлүк | Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, айылдыктар жана алыскы жамааттар | Калктын бардык категориялары үчүн санариптик технологияларга жана Интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Ар кандай топтор үчүн ылайыкташтырылган окуу материалдарын жана окутуу ыкмаларын иштеп чыгуу |
8 | Мамлекеттик деңгээлде санариптик сабаттуулукту илгерилетүү | Мамлекеттик кызматчылар, саясий ишмерлер | Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн санариптик сабаттуулуктун маанилүүлүгүн түшүнүү. Калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаларды жана демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү |
Муктаждыктарды канааттандыруу жана бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн мыйзамдарга санариптик көндүмдөрдүн так аныктамаларын жана стандарттарын камтуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Ошондой эле ар кандай кесиптер жана кызмат орундары үчүн санариптик компетенттүүлүктүн милдеттүү деңгээлин аныктоо, кесиптик стандарттарды кайра карап чыгуу, кызматкерлердин жумуш орундарынын стандарттарын иштеп чыгуу, санариптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз жогорулатууга дем берүүгө түрткү берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу, үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү системасын ишке киргизүү жана санариптик көндүмдөрдү окутуу үчүн билим берүү мекемелеринин жана коммерциялык эмес уюмдардын потенциалын максималдуу пайдалануу маанилүү.
Кыргыз Республикасында санариптик сабаттуулукту ийгиликтүү жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү комплекстүү жана максатка багытталган ишти талап кылат. Бул программаны натыйжалуу ишке ашыруу заманбап талаптарга жана санариптик экономиканын чакырыктарына жооп берген кыйла натыйжалуу жана координацияланган санариптик билим берүү системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
3-глава. Программанын максаты
Ушул Программанын негизги максаты Кыргыз Республикасынын калкынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана колдонуудагы жана иштелип жаткан санариптик технологиялардын шарттарында аларды күнүмдүк турмуш-тиричиликти (жумуш, окуу, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, бош убакыт ж.б.) толук камсыз кылуучу деңгээлге чейин санариптик көндүмдөргө окутуу болуп саналат.
Ушул Программанын максаттарына жетүү боюнча иш төмөнкү артыкчылыктуу багыттарда жүзөгө ашырылат:
санариптик сабаттуулуктун институттук базасын өнүктүрүү/чыңдоо жана калктын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү;
санариптик платформалардын базасында санариптик көндүмдөрдү жогорулатууга, кошумча билим берүү системасы аркылуу заманбап окуу куралдарын, технологияларды жана методдорду пайдаланууга калктын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;
санариптик сабаттуулуктун жана санариптик көндүмдөрдүн артыкчылыктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, алардын санариптик технологияны колдонуусуна дем берүү.
Калктын санариптик сабаттуулугун кеңири масштабда жогорулатуу максатында санариптик компетенцияларды, көндүмдөрдү өнүктүрүү жана колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча шарттарды түзүү үчүн чараларды көрүү зарыл.
4-глава. Санариптик көндүмдөрдүн негизги деңгээлдери жана компетенция чөйрөлөрү
Санариптик сабаттуулук жана санариптик көндүмдөр бири-бири менен тыгыз байланышкан, бирок айырмаланган эки түшүнүк, алар заманбап дүйнөдө негизги ролду ойнойт. Кыргыз Республикасынын калкынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө окутуу программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн алардын айырмачылыктарын да, бири-бирин толуктап тургандыгын да эске алуу маанилүү.
Санариптик сабаттуулук билимдердин жана технологияларды түшүнүүнүн жана аларды ар кандай контексттерде колдоно билүүнүн кеңири спектрин камтыйт. Бул санариптик түзүлүштөрдү кантип колдонууну билүү гана эмес, технологиянын коомго жана маданиятка кандай таасир тийгизгенин да билүү. Санариптик сабаттуулукка критикалык ой жүгүртүү, интернеттеги коопсуздук жөнүндө билүү, санариптик этиканы түшүнүү, маалыматты издей билүү жана баалай билүү, ошондой эле маалыматтардын корголушу жана купуялуулугу жөнүндө билимдер кирет.
Мындан айырмаланып, санариптик көндүмдөр санарилтик куралдарды жана технологияларды колдонуу менен байланышкан конкреттүү билгичтиктерди жана жөндөмдөрдү билдирет. Бул көндүмдөргө тексттик редакторлор, электрондук таблицалар, сүрөттөрдү редакциялоо үчүн программалык камсыздоо, социалдык тармактарды жана программалоону колдонуу менен иштей билүү сыяктуу техникалык билгичтиктер кирет.
Санариптик сабаттуулук бир кыйла кеңири түшүнүк болуп саналат жана техникалык көндүмдөрдү да, технологияны колдонууга байланыштуу глобалдык маселелерди түшүнүүнү да камтыйт. Санариптик көндүмдөр, өз кезегинде, белгилүү бир тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон конкреттүү техникалык көндүмдөргө багытталат.
Санариптик көндүмдөр максаттарга жетүү үчүн санариптик технологияларды колдонуу жөндөмүн камсыз кылуу менен заманбап дүйнөнүн маанилүү компоненти болуп саналат. Мындай көндүмдөрдүн классификациясы авторго жана контекстке жараша өзгөрүшү мүмкүн, бирок негизги деңгээлдерди: базалык, ортонку жана өркүндөтүлгөн деп бөлсөк болот.
Базалык деңгээлде адам жеке компьютер, электрондук почта, интернет жана социалдык тармактар менен иштөө, ошондой эле клавиатурада тере билүү, сенсордук экрандар менен иштөө, мессенджерлер аркылуу баарлашуу, текстти редакциялоо жана маалыматты коргоо сыяктуу негизги санариптик көндүмдөрдү өздөштүрөт. Бул көндүмдөр тексттик документтерди түзүү жана редакциялоо же электрондук билдирүүлөрдү жөнөтүү сыяктуу жөнөкөй тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк берет.
Ортонку деңгээл электрондук таблицалар менен иштөө, презентацияларды түзүү, долбоорду башкаруу үчүн атайын программаларды жана тиркемелерди колдонуу, сүрөттөрдү же үндөрдү иштетүү сыяктуу татаал көндүмдөрдү жана билимдерди камтыйт. Бул деңгээлде адам жумушта же окууда технологияларды натыйжалуу колдоно алат.
Өркүндөтүлгөн деңгээлде адам санариптик технологиялар жаатында терең билимге жана жөндөмгө ээ. Ал тиркемелерди иштеп чыгууга жана программалоого гана эмес, чоң маалыматтарды анализдөөгө, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга, киберкоопсуздук жаатында экспертиза жүргүзүүгө жана татаал тапшырмалар үчүн санариптик чечимдерди түзүүгө жөндөмдүү. Бул деңгээл кесиптик программалык камсыздоону иштеп чыгууну жана маалыматтарды терең талдоону билдирет.
Калктын санариптик сабаттуулугун жана көндүмдөрүн натыйжалуу жогорулатууну камсыз кылуу үчүн, бул программа улуттук муктаждыктарга жана эл аралык стандарттарга негизделген компетенциялардын беш негизги тармагын камтыйт (ICDL, IC3, DigComp, UNESCO DLGF):
№ | Тармагы | Максаты | Көндүмдөрү |
1 | Негизги санариптик көндүмдөр | Санариптик түзүлүштөр жана тиркемелер менен иштөөнүн базалык көндүмдөрүн камсыздоо | Компьютерлер, смартфондор жана планшеттер менен иштөөнүн негиздери |
Технологияларды колдонууда ыңгайлуулук менен ишенүүнүн деңгээлин жогорулатуу | Файлдарды жана папкаларды башкаруу | ||
Кеңсе тиркемелери менен иштөөнүн негиздери (тексттик редакторлор, электрондук таблицалар, презентациялар) | |||
2 | Маалыматтык жана дата-сабаттуулук | Санариптик маалыматты издей билүүнү, баалай жана колдоно билүүнү камсыз кылуу | Интернеттен маалыматты издөө жана алуу |
Санариптик маалыматтар менен иштөөдө критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү | Маалыматтан тактыгына жана сапатына баа берүү | ||
Маалыматтарды башкаруу жана уюштуруу | |||
3 | Коммуникация жана кызматташтык | Натыйжалуу санариптик коммуникациянын көндүмдөрүн жогорулатуу | Электрондук почта, мессенджерлер жана видеоконференцияларды пайдалана билүү |
Санариптик технологиялар аркылуу кызматташтыкты жана биргелешкен иш-аракеттерди колдоо | Документтер жана долбоорлор менен биргелешип онлайн иштөө | ||
Санариптик иденттүүлүктү жана репутацияны башкаруу | |||
4 | Санариптик чыгармачылык жана контентти түзүү | Санариптик контентти түзүү жана редакциялоо көндүмдөрүн өнүктүрүү | Тексттик, графикалык жана мультимедиялык контентти түзүү жана редакциялоо |
Технологияларды инновациялык жана креативдүү пайдаланууну колдоо | Программалоонун жана эсептөө ой жүгүртүүсүнүн негиздери | ||
Көйгөйлөрдү чечүү үчүн санариптик куралдарды колдонуу | |||
5 | Коопсуздук жана туруктуулук | Санариптик технологияларды коопсуз жана жоопкерчиликтүү колдонууну камсыз кылуу | Санариптик түзүлүштөрдү жана маалыматтарды киберкоркунучтардан коргоо |
Технологияларды колдонууда жеке маалыматтарды коргоо жана психологиялык жана физикалык туруктуулукту колдоо | Жеке маалыматтардын купуялуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу | ||
Санариптик технологиялардын ден соолукка жана бакубаттуулукка тийгизген таасирин башкаруу |
5-глава. Ишке ашыруу принциптери
Кыргыз Республикасында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрдү окутуу программасын ишке ашыруу принциптери:
- инклюзивдүүлүк жана жеткиликтүүлүк:
калктын бардык топтору, анын ичинде аялуу топтор жана алыскы региондор үчүн санариптик билимди бирдей алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
ар түрдүү курактагы топтор, даярдоо деңгээлдери жана социалдык категориялар үчүн атайын программаларды жана окуу материалдарын түзүү;
- адаптациялуулук жана ийкемдүүлүк:
ар түрдүү билим берүү деңгээлдерине жана окуучулардын муктаждыктарына адаптациялоо мүмкүн болгон окуу программаларын иштеп чыгуу;
катышуучулардын максималдуу санына жетүүгө мүмкүндүк берүүчү онлайн-курстар, кечки жана дем алыш күндөрүндөгү окуулар сыяктуу окутуунун ийкемдүү формаларын ишке киргизүү;
- комплекстүүлүк:
санариптик көндүмдөрдү окутууга теориялык билимди, практикалык көндүмдөрдү жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнү камтыган көп кырдуу процесс катары мамиле кылуу;
санариптик билим берүүнү билим берүүнүн формалдуу жана формалдуу эмес системаларына интеграциялоо;
- коллаборация жана өнөктөштүк:
сапаттуу жана ар тараптуу окутууну камсыз кылуу үчүн эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом менен кызматташуу;
тажрыйбаны жана ресурстарды алмашуу максатында өнөктөштүк программаларын өнүктүрүү;
- туруктуулук жана үзгүлтүксүз жаңылануу:
санариптик билим берүү программаларын туруктуу каржылоону жана колдоону камсыз кылуу;
жаңы технологиялык тенденцияларга жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык окуу материалдарын жана окутуу методикаларын дайыма жаңыртуу.
6-глава. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарындагы милдеттер жана чаралар
Санариптик сабаттуулуктун институттук базасы жана калктын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
Бул маселени чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана алыскы тоолуу райондордо жашаган адамдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санариптик көндүмдөр боюнча окутуу зарыл болгон жарандардын топторун аныктоо;
- базалык санариптик компетенцияларга ээ болуу милдеттүү болгон кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмегин аныктоо;
- бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын типтүү квалификациялык талаптарына милдеттүү көндүм катары санариптик компетенцияларга ээ болууну киргизүү.
Санариптик көндүмдөрдүн жана компетенциялардын деңгээлинин улуттук стандартын белгилөө.
Бул маселени чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүдө санариптик көндүмдөргө окутуу боюнча программаларды ишке киргизүү;
- ар бир компетенция үчүн квалификациянын деңгээлдеринин санын белгилөө;
- билим берүү мекемелеринин (мектептердин, кесиптик окуу жайлардын) санариптик технологиялар боюнча колдонуудагы окуу программаларына алардын азыркы учурда жана келечекте талап кылынган (болжолдонгон) санариптик компетенцияларга карата актуалдуулугуна жана шайкештигине талдоо жүргүзүү;
- санариптик көндүмдөрдүн жана компетенциялардын стандарттарын регламенттеөгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алуу үчүн шарттарды иштеп чыгуу/макулдашуу жана камсыз кылуу.
Санариптик компетенттүүлүктү тестирлөөнү жана сертификаттоону ("Кыргызтест" системасы сыяктуу) киргизүү.
Бул маселени чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар үчүн санариптик сабаттуулукту жана санариптик көндүмдөрдү баалоо методологиясын иштеп чыгуу;
- санариптик сабаттуулукту жана санариптик көндүмдөрдү онлайн-тестирлөө үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу;
- санариптик компетенттүүлүктү сертификаттоонун (сертификаттын) натыйжаларын, анын ичинде онлайн (санариптик) сертификаттарды таануу маселелерин чечүү;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга квалификацияны мындай жогорулатуунун мезгилдүүлүгүн белгилөө менен мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын санариптик сабаттуулугун милдеттүү жогорулатуу жөнүндө талаптарды киргизүү.
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу.
Бул маселени чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- санариптик технологияларды колдонуу менен мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун колдонуудагы программаларын кайра кароо;
- ээлеген кызмат орду үчүн жетиштүү болгон санариптик көндүмдөргө ээ болуу жөнүндө талаптарды киргизүү менен кызматкерлерди баалоо программаларын кайра кароо.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санариптик сабаттуулугунун жана санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлине жана масштабдарына мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү.
Бул маселени чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- санариптик сабаттуулуктун жана санариптик көндүмдөрдүн деңгээлине жана масштабдарына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун/көрсөткүчтөрүнүн тизмегин иштеп чыгуу;
- маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү регламентин иштеп чыгуу;
- мониторинг жүргүзүү боюнча механизмди аныктоо.
Калктын санариптик платформалардын базасындагы санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу, кошумча билим берүү системасынын негизинде заманбап окутуу инструменттерин, технологияларын жана методдорун колдонуу мүмкүнчүлүгү.
Жарандардын бардык категориялары үчүн билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылган аралыктан окутуу үчүн бирдиктүү улуттук платформаны түзүү.
Бул маселени чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- платформага карата негизги функционалдык талаптарды аныктоо үчүн колдонуудагы билим берүү ресурстарына талдоо жүргүзүү;
- талдоону, коопсуздук талаптарын жана колдонуучулар үчүн ыңгайлуулукту эске алуу менен платформаны иштеп чыгуу;
- колдонуучулардын бирдей кирүүсүн жана аутентификациясын камсыз кылуу үчүн Идентификациялоонун бирдиктүү системасынын жардамы аркылуу платформаны колдонуудагы мамлекеттик системалар менен интеграциялоо.
Улуттук окутуу платформасын сапаттуу жана актуалдуу билим берүү контенти менен камсыз кылуу:
- билим берүү платформасы үчүн контентти түзүү жана жайгаштыруу (берүү форматы: текст, видео, сүрөт, электрондук курстар);
- технологиялардын, мыйзамдардын, илимий маалыматтардын жана башка факторлордун өзгөрүүлөрүн эске алуу менен контенттин үзгүлтүксүз жаңылануусун камсыз кылуу.
Мектептердин, кесиптик окуу жайлардын, китепканалардын, ишке орноштуруу кызматтарынын, жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун жана башка мекемелердин колдонуудагы инфраструктурасынын базасында калктын санариптик сабаттуулугун жана санариптик компетенциясын өнүктүрүү боюнча ар түрдүү тематикалык багыттагы окутуу курстарын жана тренингдерди өткөрүүнү колдоо.
Бул маселени чечүү максатында окутуу курстарын жана тренингдерди өткөрүү боюнча төмөнкү демилгелерди колдоо зарыл:
- калктын коргоого муктаж топтору (жаштар, жумушсуздар, пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ж.б.) үчүн;
- алыскы жана бийик тоолуу райондордун калкы үчүн;
- базалык санариптик көндүмдөр программалары боюнча;
- өнүккөн санариптик компетенциялар программалары боюнча (электрондук соода, программалоо ж.б.);
- санариптик сабаттуулукту жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн инновациялык чечимдери жана программалары боюнча.
Санариптик сабаттуулукка жана санариптик көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, аларды санариптик технологияны колдонууга шыктандыруу жана сыйлоо.
Санариптик сабаттуулукту жана санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык кампанияны өткөрүү.
Бул маселени чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- бардык мамлекеттик органдардын өз багыттары боюнча санариптик сабаттуулукту жана санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө материалдарды иштеп чыгуусу жана жайылтуусу;
- региондордо калк үчүн санариптик сабаттуулук жана көндүмдөр боюнча ар түрдүү тренингдерди, окутуу курстарын, IT-компетенциялар боюнча санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү алдынкы курстарды өткөрүү;
- санариптик лидерлер менен шыктандыруучу жолугушууларды өткөрүү;
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын, булут электрондук кол тамгаларды пайдалануунун артыкчылыктарын кошкондо, мамлекеттик санариптик жана электрондук сервистерди колдонууну жайылтуу;
- ар түрдүү форматтардагы маалыматтык кампаниялар (ЖМК, ачык эшиктер күнү, семинарлар, вебинарлар ж.б.).
7-глава. Күтүлгөн натыйжалар
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө окутуу программасын ишке ашыруу төмөнкүдөй натыйжаларга жетүүгө багытталган:
№ | Максаттар | Көрсөткүчтөр | Каражаттар |
1 | Калктын бардык катмарынын арасында санариптик сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу | Базалык, ортоңку жана алдынкы санариптик көндүмдөргө ээ жарандардын санынын олуттуу көбөйүшү | Калктын бардык категориялары үчүн жеткиликтүү болгон санариптик көндүмдөр боюнча билим берүү программаларын жана курстарын кеңири масштабда ишке киргизүү |
2 | Санариптик экономика үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо | Санариптик экономика шарттарында натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, санариптик технологиялар жаатындагы жогорку квалификациялуу адистердин санынын өсүшү | Эмгек рыногунун заманбап талаптарына шайкеш келген кесиптик окутуу жана кайра даярдоо программаларын ишке ашыруу |
3 | Ар түрдүү социалдык топтордун жана региондордун ортосундагы санариптик ажырымды азайтуу | Ар түрдүү социалдык топтордун (жаштар, улгайган адамдар, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар) жана региондордун (шаар жана айыл аймактары) ортосундагы санариптик сабаттуулук деңгээлиндеги ажырымды азайтуу | Калктын аялуу топторуна жана алыскы региондорго багытталган максаттуу окутуу программалары жана демилгелери |
4 | Санариптик билим берүүнүн жана үзгүлтүксүз окутуунун туруктуу системасын түзүү | Формалдуу жана формалдуу эмес окутууну камтыган санариптик билим берүү системасын институтташтыруу | Санариптик көндүмдөрдүн жана компетенциялардын улуттук стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, санариптик билим берүү борборлорун түзүү жана санариптик компетенттүүлүктү сертификатоо программаларын ишке киргизүү |
5 | Кыргыз Республикасынын эл аралык аренада санариптик технологиялар жана экономика жаатындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | Санариптик сабаттуулуктун жана электрондук өкмөттүн эл аралык рейтингдеринде өлкөнүн позицияларын жакшыртуу | Эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташуу, санариптик көндүмдөр жаатындагы мыкты дүйнөлүк практикаларды жана стандарттарды адаптациялоо |
6 | Мамлекеттик жана расмий тилдерде улуттук санариптик контентти өнүктүрүү | Мамлекеттик жана расмий тилдерде сапаттуу билим берүүнүн жана маалыматтык контенттин көлөмүн көбөйтүү | Санариптик контентти түзүү жана жайылтуу, анын ичинде билим берүү ресурстарын жана материалдарын иштеп чыгуу боюнча долбоорлорду колдоо |
7 | Санариптик сабаттуулуктун жана көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу | Санариптик көндүмдөрдүн маанилүүлүгүн жана артыкчылыктарын түшүнгөн жарандардын санын көбөйтүү | ЖМКда жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияларды, семинарларды, тренингдерди жана мотивациялык иш-чараларды өткөрүү |
Бул программаны ишке ашыруу бардык жарандар үчүн заманбап технологияларга жана инструменттерге жетүүнү камсыз кылуу менен, Кыргыз Республикасында санариптик коомду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө алып келет. Бул өлкөнүн санариптик технологиялар жана экономика жаатындагы потенциалын чыңдоого, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана республиканын эл аралык рейтингдердеги позициясын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
8-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу өбөлгөлөр жарандардын санариптик көндүмдөргө жана технологияларга болгон кызыгуусунун өсүшү, ошондой эле мамлекет жана эл аралык уюмдар тарабынан активдүү колдоо болуп саналат, бул калктын санариптик сабаттуулугун жакшыртуу үчүн негиз түзөт. Заманбап билим берүү демилгелерин жана окутуу программаларын ишке киргизүү жарандардын квалификациясын жогорулатууга жана аларды санариптик экономикага интеграциялоого карата маанилүү кадам болот.
Бирок программаны ийгиликтүү ишке ашырууну оорлотуучу тобокелдиктер бар. Алыскы райондордо ресурстардын жетишсиздиги окуу мүмкүнчүлүгүн чектөөдө, ал эми социалдык топтордун ортосундагы санариптик ажырым санариптик технологияларды бирдей колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам күчөөдө. Бул тобокелдиктерди жоюу үчүн тоскоолдуктарды жок кылуу жана жалпы калк үчүн коопсуз санариптик чөйрөнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү зарыл.
9-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо коюлган максаттарга жетүү үчүн негизги факторлор болуп саналат. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу системасы калктын санариптик сабаттуулугу жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз топтоону жана талдоону камсыз кылат, бул проблемаларды аныктоого, өнүгүүнү байкоого алууга жана иш-чаралардын ийгиликтүүлүгүн баалоого мүмкүндүк берет. Бул программанын аткарылышынын контролдоону жана өз убагында түзөтүүнү камсыз кылат жана анын натыйжалуулугу жогорулайт.