Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-августу № 672
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Каракол, Кочкор, Токтогул жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Каракол, Кочкор, Токтогул жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол, Кочкор, Токтогул жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин
3. Каракол, Кочкор, Токтогул жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Каракол, Кочкор, Токтогул жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 30-августундагы № 672 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
1 | Каракол шаардык | Бапаев Чингиз Арстанбекович (№ 1) ("Бирге-Вместе" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 12, 13.08.2021-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
2 | Семиз-Бел айылдык | Сыргак уулу Азиз | Өз арызы | № 52, 24.08.2021-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
3 | Э.Аралбаев айылдык | Дүйшеев Зайырбек Сыязбекович | Өз арызы | № 30, 28.08.2021-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
4 | Лебединовка айылдык | Кыдыралиев Дамир Кочконович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 181, 23.08.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 30-августундагы № 672 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
1 | Каракол шаардык | Байболотов Бакытбек Андабекович (№ 14) ("Эмгек" с/п) | Өз арызы | № 13, 16.08.2021-ж. |
2 | Кылчыкбаев Каниет Тилекович (№ 19) ("Эмгек" с/п) | Өз арызы | № 13, 16.08.2021-ж. | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 30-августундагы № 672 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
1 | Каракол шаардык | Казакбаев Нурлан Туратбекович (№ 13) ("Бирге-Вместе" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 12, 13.08.2021-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
2 | Семиз-Бел айылдык | Орозобек уулу Уланбек | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 53, 24.08.2021-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
3 | Э.Аралбаев айылдык | Сагынбаев Рамис Алымбекович | Момунтай дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 31, 28.08.2021-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
4 | Лебединовка айылдык | Бектемирова Мээрим Туратбековна | "Түндүк электро" ААК жетектөөчү адис | № 181, 23.08.2021-ж. |