Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 9-сентябры № 686
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Араван, Алай, Кара-Суу, Чүй, Аксы жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Нарын шаардык, Араван, Алай, Кара-Суу, Чүй, Аксы жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык, Араван, Алай, Кара-Суу, Чүй, Аксы жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Кара-Суу жана Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин
3. Нарын шаардык, Араван, Алай Кара-Суу, Чүй, Аксы жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Нарын шаардык, Араван, Алай, Кара-Суу, Чүй, Аксы жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 686 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
1 | Нарын шаардык | Джунусов Майрамбек Таласбекович (№ 1) ("Патриот Ынтымагы") деп. фракциясы | Жеке арызы | № 67, 30.08.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
2 | Мангыт айылдык | Шаймкулов Алмазбек Абдуганиевич | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 26, 27.08.2021-ж. |
Алай району | ||||
3 | Сары-Таш айылдык | Тынчтыкбек уулу Марлис | Жеке арызы | № 31, 06.09.2021-ж. |
4 | Үч-Төбө айылдык | Туркобаев Анарбай Сулайманович | Жеке арызы | |
5 | Будалык айылдык | Мусабаев Кадырбек Арапбаевич | Жеке арызы | |
6 | Жошолу айылдык | Орозбай уулу Женишбек | Жеке арызы | |
7 | Корул айылдык | Турганбаев Мустафа Жанибекович | Жеке арызы | |
Кара-Суу району | ||||
8 | Отуз-Адыр айылдык | Адашов Алмазбек Убайдулаевич | Жеке арызы | № 67, 03.09.2021-ж. |
9 | Рахимбеков Имом Калмахаматович | Жеке арызы | № 68, 03.09.2021-ж. | |
10 | Кызыл-Кыштак айылдык | Азимова Гульнара Нематовна | Жеке арызы | № 69, 03.09.2021-ж. |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
11 | Кегети айылдык | Молдогазиева Жылдыз Аманбековна | Жеке арызы | № 101, 28.08.2021-ж. |
Кемин району | ||||
12 | Кемин шаардык | Чуштуков Ильичбек Бахтярович (№ 1) ("Кыргызстан") деп. фракциясы | Жеке арызы | № 26, 24.08.2021-ж. |
13 | А.Дуйшеев айылдык | Жумабек уулу Азат | Жеке арызы | № 25, 23.08.2021-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
14 | Аксы айылдык | Кадыркулов Чынарбек Анаркулович | Жеке арызы | № 66, 05.09.2021-ж. |
Ала-Бука району | ||||
15 | Көк-Серек айылдык | Шарипов Кутманбек Сапарбекович | Жеке арызы | № 22, 03.09.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 686 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Отуз-Адыр айылдык | Акимов Абдурашит Саитович | Жеке арызы | № 68, 03.09.2021-ж. |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
2 | А.Дуйшеев айылдык | Дуйшоналиев Акылбек Абдрасулович | Жеке арызы | № 26, 23.08.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 686 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
1 | Нарын шаардык | Дыйканбаев Аксатбек Толомушович (№ 7) ("Патриот Ынтымагы") саясий партиясы | Орто мектептин директору | № 68, 03.09.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
2 | Мангыт айылдык | Абдраимов Сейитбек Сайпидинович | ФКБ филиалдын Директору | № 26, 27.08.2021-ж. |
Алай району | ||||
3 | Сары-Таш айылдык | Эркинбек уулу Айбек | Убактылуу иштебейт | № 30, 06.09.2021-ж. |
4 | Үч-Төбө айылдык | Таштемиров Жаныбек Толонбаевич | Орто мектебинин завучу | |
5 | Будалык айылдык | Шакир уулу Мукамбект | Орто мектебинин завучу | |
6 | Жошолу айылдык | Курманбек уулу Эламан | Убактылуу иштебейт | |
7 | Корул айылдык | Дайырбаев Момунжан Джолдошбаевич | Убактылуу иштебейт | |
Кара-Суу району | ||||
8 | Отуз-Адыр айылдык | Кадыров Алмазбек Мийзамович | Жаманкулов атындагы № 75 орто мектептин мугалими. | № 67, 03.09.2021-ж. |
9 | Баатыров Шукуржан Насырдынович | Убактылуу иштебейт | № 68, 03.09.2021-ж. | |
10 | Кызыл-Кыштак айылдык | Джамалова Одина Абдусаматовна | Убактылуу иштебейт | № 69, 03.09.2021-ж. |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
11 | Кегети айылдык | Омуралиева Элина Байышовна | Орто мектептин мугалими | № 101, 28.08.2021-ж. |
Кемин району | ||||
12 | Кемин шаардык | Бейшенов Замирбек Анарбекович (№ 4) ("Кыргызстан" саясий партиясы) | Дыйкан | № 26, 24.08.2021-ж. |
13 | А.Дуйшеев айылдык | Казаков Тилек Рыспекович | Дыйкан | № 25, 23.08.2021-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
14 | Аксы айылдык | Кокочоев Арзыгул Абдыкримович | Почтальон | № 66, 05.09.2021-ж. |
Ала-Бука району | ||||
15 | Көк-Серек айылдык | Салимов Талгарбек Ыманкулович | Убактылуу иштебейт | № 22, 03.09.2021-ж. |