Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 9-сентябры № 687
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын айрым чечимдерин жокко чыгаруу жана Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамын таркатуу жөнүндө
Мурда, 2021-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) дарегине төмөндөгү документтерди бекитүү үчүн тиркөө менен Ош аймактык шайлоо комиссиясынан (Ош АШК) кат келип түшкөн:
1) алардын арыздарын каттоо жана "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 3 чечиминин көчүрмөсүн тиркөө менен "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен 38 аял талапкерди алып салуу тууралуу Ош АШКнын 2021-жылдын 15-июлундагы № 41/1 чечимин;
2) Ош шаардык кеңешинин депутаттары А.Ашимжан кызынын жана А.Манап кызынын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, бошогон депутаттык мандаттарды "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки катталган талапкерлер Н.М.Омурзаковго жана Д.А.Жеенбековго берүү жөнүндө Ош АШКнын 2021-жылдын 12-августундагы № 42 чечимин;
3) алардын арыздарын каттоо жана "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын 2021-жылдын 9-августундагы № 10 чечиминин көчүрмөсүн тиркөө менен "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен 39 талапкерди (алардын 31и аял талапкерлер) алып салуу тууралуу Ош АШКнын 2021-жылдын 12-августундагы № 43 чечимин;
4) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттары А.А.Караеванын, У.Ж.Акматованын жана Б.Н.Турсунбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, бошогон депутаттык мандаттарды саясий партиядан талапкерлердин тизмесинде кийинки катталган талапкерлер Б.Т.Баетовго, Б.С.Жолдошбаевге жана Ш.Бакир уулуна берүү жөнүндө Ош АШКнын 2021-жылдын 18-августундагы № 44 чечимин;
5) Биздин Кыргызстан" саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты У.К.Каналиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, бошогон депутаттык мандатты "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки катталган талапкер Н.К.Раимовго берүү жөнүндө Ош АШКнын 2021-жылдын 18-августундагы № 45 чечимин;
6) алардын арыздарын каттоо жана "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын 2021-жылдын 18-августундагы № 6 чечиминин көчүрмөсүн тиркөө менен "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен 6 талапкерди алып салуу тууралуу Ош АШКнын 2021-жылдын 18-августундагы № 46 чечимин;
7) Башка тиркелген документтерди (депутаттардын жана талапкерлердин арыздарын, паспортторунун көчүрмөлөрүн, соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкаттарды).
Мында, Ош АШКнын көрсөтүлгөн чечимдери мурда БШКга бекитүү үчүн келип түшкөн эмес.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Ошону менен бирге, саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесинен бир эле учурда аял депутаттардын көп санынын чыгып жатышы БШКда шектенүүнү жараткан. Ушуга байланыштуу 2021-жылдын 25-августунда келип түшкөн документтерди жол-жоболоштуруунун аныктыгын жана тууралыгын кошумча текшерүү, аталган аял талапкерлердин арыз беришинин жагдайларын аныктоо менен аларды кабыл алуунун бардык шарттарын тактаганга чейин БШК тарабынан Ош АШКнын 6 чечимин кароону кийинкиге калтыруу тууралуу № 159 чечими кабыл алынган.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык "Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш".
Мында, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык "Талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген, бул тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт".
Саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин каттоо учурунда (Ош АШКнын 2021-жылдын 20-июнундагы № 17-2 чечими) "Биздин Кыргызстан" жана "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиялары тарабынан бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгү жөнүндө норма сакталган жана тизмедеги аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүктүн айрымасы эки позициядан ашкан эмес.
Бирок "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы добуш берилген күндөн кийин катталган талапкерлердин тизмесинен депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө чейин 2021-жылдын 14-июлундагы № 3 чечими менен 38 аял талапкерди чыгарып салган, ошентип жогоруда аталган Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн нормасын бузган.
Ошентип "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган талапкерлердин тизмесиндеги гендердик квотаны камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын талаптары сакталган эмес. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына сунуш кылынган талапкерлердин тизмесинде бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашык эмес өкүлчүлүгү боюнча көрсөтүлгөн талаптар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органында ар кайсы жыныстагы адамдардын өкүлдөрүнүн тең болушуна жетишүү максатында каралган жана шайлоо процессинин бардык этабында көрсөтүп жаткан субъекттер тарабынан сакталууга тийиш.
Өз кезегинде, Ош АШК мыйзамдардын жогоруда аталган нормаларын эске албай туруп, "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 3 чечиминин негизинде аталган саясий партиянын катталган тизмесинен 38 аял талапкерди чыгарып салуу тууралуу 2021-жылдын 15-июлунда № 41/1 чечимин кабыл алган.
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо боюнча Ош АШКнын корутунду жыйыны 2021-жылдын 15-июлунда өткөрүлгөндүгүн, жыйында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык 2021-жылдын 11-июлундагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу протокол түзүлгөндүгүн белгилөө зарыл.
2021-жылдын 17-июлунда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайлоо документтерин бергенде 2021-жылдын 15-июлунда кабыл алынган жогоруда аталган № 41/1 чечими Ош АШК тарабынан БШКга берилген эмес.
Ошондой эле кийин 2021-жылдын 26-июлунда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколду бекиткенде (№ 636 токтом) "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын катталган тизмесинен аял талапкерлердин жапырт чыгуусу фактысы жана Ош АШКнын № 41/1 чечиминин бар экендиги БШКга белгисиз болгон.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Ош АШКнын аракеттеринде "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын катталган тизмесинен 38 аял талапкерди чыгаруу маселеси боюнча шайлоо документтерин оңдоп коюу жана бурмалоо белгилери байкалган.
Мындан тышкары, 2021-жылдын 9-августунда "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн жогоруда аталган нормаларын бузуп, өзүнүн № 10 чечими менен катталган тизмеден 39 аял талапкерди чыгарып салган, ал эми Ош АШК 2021-жылдын 12-августундагы № 43 чечими менен аларды саясий партиянын катталган тизмесинен чыгарган, бул тууралуу өз учурунда БШКга билдирген эмес.
"Биздин Кыргызстан" жана "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партияларынын катталган тизмелеринен аял талапкерлердин жапырт чыгып жатышынын шарттарын тактаган учурда, "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын жетекчилиги тарабынан аял талапкерлерге кысым жасоо фактысы белгилүү болду, бул тууралуу ошол саясий партиядан аял талапкерлердин бири тастыктаган.
Ошондой эле БШКнын дарегине "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин иштеп жаткан депутаты Б.Н.Турсунбаева кайрылган, анын депутаттык ыйгарым укуктары Ош АШКнын 2021-жылдын 18-августундагы № 44 чечими менен токтотулган.
Өзүнүн түшүнүк катында Б.Н.Турсунбаева 2021-жылдын 13-августундагы депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө анын атынан Ош АШК берген арызга ал кол койбогондугун билдирген. Анын сөзүнөн алынган бул факт видеоматериал менен тастыкталган.
Аял депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жапырт мөөнөтүнөн мурда токтотуусу ("Биздин Кыргызстан" саясий партиясынан 2 жана "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан 3 адам) жана аталган саясий партиялардын катталган тизмесинен аял талапкерлердин чыгып жатышы ("Биздин Кыргызстан" саясий партиясынан 38 жана "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан 31 адам) коомдук резонансты жаратты, ал жогоруда көрсөтүлгөн Ош АШКнын чечимин жокко чыгаруу талабы менен БШКга көп сандагы жарандардын жана коммерциялык эмес уюмдардын кайрылууларынын себеби болуп калды. 2021-жылдын 28-августунан 1-сентябрына чейин бардыгы болуп 18 кайрылуу келип түшкөн.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Мында конституциялык Мыйзамдын жогоруда аталган беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга укуктуу.
Ош АШКда мыйзамдарга ылайык аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоол болгон оор, кыжалат кырдаал түзүлгөндүгүн белгилөө зарыл. Алсак, БШКнын дарегине АШКнын төрагасы У.Т.Аттокуровдун аракеттерине Ош АШКнын мүчөлөрүнөн 2 кайрылуу жана Ош АШКнын мүчөлөрүнүн аракеттерине АШКнын төрагасынан 1 кайрылуу келип түшкөн.
Ошондой эле Ош АШК туруктуу негизде БШК сураткан маалыматтарды жана документтерди өз учурунда бербегендигин, АШК кабыл алган чаралар жана чечимдер жөнүндө маалыматтарды жөнөтпөгөндүгүн, шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык кабыл алынган БШКнын тапшырмаларын жана чечимдерин аткарбагандыгын белгилөө зарыл.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "Аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат".
Жогоруда аталган Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык "Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй учурларда таркатылат:
2) мыйзамдын талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда".
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49, 56-1-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төмөндөгү чечимдери жокко чыгарылсын:
- 2021-жылдын 15-июлундагы № 41/1,
- 2021-жылдын 12-августундагы № 42,
- 2021-жылдын 12-августундагы № 43,
- 2021-жылдын 18-августундагы № 44,
- 2021-жылдын 18-августундагы № 45,
- 2021-жылдын 18-августундагы № 46.
2. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамы таркатылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты үч календардык күндүн ичинде Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзсүн.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн саясий партиялардын, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракетине укуктук баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |