Бишкек шаары2010-жылдын 27-майы УӨ № 56 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргызтелефильм" студиясына Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер Дооронбек Садырба-евдин элесин түбөлүккө калтыруу максатында, кыргыз кино искусствосунунөнүгүшүнө өтөгөн эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргызтелефильм" студиясына Кыргыз Республикасынын эл артисти,кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин ысымы ыйгарылсын. 2. Коомдук телерадиокорпорация Кыргыз Республикасынын Маданият ми-нистрлиги менен бирдикте өзүнүн нормативдик укуктук документтерин ушултоктомго ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева