Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 15 июну УӨ № 86
2010-жылдын 16, 17 жана 18-июнун Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында курман болгон жарандарды эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялоо жөнүндө
2010-жылдын 11-июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында эл арасында курмандыктарга алып келген кайгылуу окуяларга байланыштуу, ошондой эле курман болгондорго терең кайгыруу жана аза күтүү, алардын туугандарынын, жакындарынын кайгысын чын ыкластан бөлүшүү менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2010-жылдын 16, 17 жана 18-июну Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында курман болгондорго Улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын.
2. Бул күндөрү Республиканын администрациялык имараттарындагы бардык мамлекеттик туулар түшүрүлсүн.
3. Республикалык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу каналдарында бардык оюн-зоок программалар токтотулсун.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |