Бишкек шаары2010-жылдын 16-июну УӨ №87 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу-сатып алуу келишимин бузуу жөнүндө "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун акцияларынын мурда са-тылган мамлекеттик пакетин мамлекеттик менчикке кайра алуу максатында,ошондон эле "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун Директорлор кењешинин"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик па-кетин сатуу-сатып алуу жөнүндө келишимди бузууга макулдук берүү жөнүндөчечимин эске алып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун акцияларынын 80,49 процент өлчөмдөгүмамлекеттик пакетин сатуу-сатып алуу жөнүндө "Чакан ГЭС" ачык акционер-дик коому менен 2010-жылдын 3-февралында түзүлгөн N 4 келишимди белги-ленген тартипте жокко чыгарсын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Түндүк электр" ачыкакционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакети үчүн төлөнгөн3210,0 (үч миллион эки жүз он мињ) АКШ доллары суммадагы акча каражатты"Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна кайра берүү боюнча чара көрсүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева