КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 2-июнундагы № 360
токтомуна ылайык
күчүн жоготту Бишкек шаары2010-жылдын 16-июну УӨ № 89 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кара-Кече" көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүүнү мамлекеттик колдоо жөнүндө Көмүр өнөр жайын өнүктүрүү, "Кара-Кече" көмүр кениндеги кырдаалдыжакшыртуу жана ар жылкы жылытуу сезонуна карата даярдоо үчүн казылганкөмүрдү тиешелүү эсепке алууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасы-нын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат: 1. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Жаратылышресурстары министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Энергетикаминистрлигинин карамагына өткөрүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин карамагында"Кара-Кече" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кара-Кече" МИ) түзүл-сүн. 3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бир жумалыкмөөнөттө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна белгилен-ген тартипте "Кара-Кече" МИнин Уставын бекитүү жөнүндө токтомдун долбо-орун киргизсин. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кара-Кече" көмүркенинин Борбордук участогун 2012-жылы 250 мињ тонна көмүр казууөндүрүштүк кубаттуулугуна жетүү менен иштетүү боюнча иштерди уюштурууүчүн "Кара-Кече" МИге 2010-2012-жылдар ичинде 650 (алты жүз элүү) мил-лион сом суммасында финансылык каражат бөлүп берсин. 5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги "Ка-ра-Кече" көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүү максатында жер казы-насын пайдалануу укугуна "Кара-Кече" МИге лицензия берсин. 6. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы Нарын облусунун Жумгал райондукмамлекеттик администрациясы менен макулдашуу боюнча: - "Кара-Кече" кенинен көмүр казуучу ишканалар алып чыгуучу көмүрдүконтролдоону жана эсепке алууну уюштурсун; - "Ак-Улак" разрези" акционердик коомунун атайын администраторуменен тараза жабдууларын ижаралоо жөнүндө келишим түзсүн жана белгилен-ген тартипте аны акы төлөп пайдалануу жөнүндө сунуш киргизсин. 7. Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрация баш-чысы Нарын облусунун Жумгал районунун калкынын жењилдик берилген кате-гориялары жана жакыр катмарлары үчүн жењилдик берилген баалар мененкөмүр берүү жөнүндө көмүр казуучу компаниялар менен макулдашуулардытүзүү боюнча зарыл чараларды көрсүн. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларыушул токтомго каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин. 9. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-ма-йындагы № 50 "Шарбон" жабык акционердик коомунда, "Ак-Жолкөмүр" ачыкакционердик коомунда жана "Беш-Сары К" жоопкерчилиги чектелген коомундатышкы башкаруу киргизүү жөнүндө"
токтому күчүн жоготту деп табылсын. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева