Бишкек шаары2010-жылдын 20-майы УӨ №52 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн жаш башкаруу кадрларынын жањы муунун даярдоону уюштуруу маселелери жөнүндө Өлкөбүздүн жаркын келечеги жана акыйкаттык үчүн ушул жылдын 7-ап-релинде ошол кездеги бийликтин элге каршы жана жоопкерчиликсиз саясаты-на каршы күрөшкө Кыргызстандын жаштарынын өкүлдөрү абдан активдүү ка-тышты. Жаштар өздөрүнүн туруктуу жарандык көз караштары жана тартынбасаракеттери менен саясый жактан бышып жетилгендиктерин, эркин жана де-мократиялык өлкөдө жашагылары келе тургандыгын көрсөттү. Жаштарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматка даярдоо жана агакирүү укугун ишке ашыруу, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөө, коррупция мененкүрөшүү, чыныгы акыйкат мамлекеттик башкаруу системасын түзүүдөөздөрүнүн салымын кошууга мүмкүндүк берүү максатында жана Кыргыз Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 24 "Мам-лекеттик жана муниципалдык кызматка башкаруучулардын жањы муунун чакы-руу программасы жөнүндө"
токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Убак-тылуу Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген жоболор бекитилсин: - Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча комиссиялар жөнүн-дө; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарыүчүн башкаруу кадрларын даярдоо боюнча адистерди, билим берүү мекемеле-ринин мугалимдерин, органдар менен уюмдардын кызматкерлерин сынактыктандап алуу жөнүндө; - башкаруу кадрларын даярдоону ишке ашырууга катышуу үчүн билимберүү программаларын тандап алуу жөнүндө. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы: - эл бийлигин орнотууга активдүү катышкан жаштардын арасынан та-лапкерлерди мамлекеттик жана муниципалдык кызмат үчүн башкаруу кадрла-рын даярдоо программасы боюнча тандоого жана окууга документтерди Кыр-гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык-коорди-нациялык борбору жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Баш-каруу академиясы менен бирдикте кабыл алууну 2010-жылдын 7-июнуна чейинжарыяласын; - облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаары-нын мэриялары менен бирдикте окууга кирүү үчүн документтерди кабыл алуужөнүндө калкка кењири маалымдоону массалык маалымат каражаттары аркылуукамсыз кылсын; - башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча республикалык жанарегиондук комиссиялардын жеке курамдары бекитилсин (мындан ары - рес-публикалык жана региондук комиссиялар); - республикалык комиссиянын ишин уюштурууну камсыз кылсын жана ре-гиондук комиссиялардын иш-аракеттерин көзөмөлгө алууну ишке ашырсын; - 2010-жылдын 11-июнуна чейин республикалык жана региондук комис-сиялардын жыйынтыгы менен башкаруу кадрларын даярдоо программасы боюнчаокутулуучулардын тизмесин бекитсин жана аны Кыргыз Республикасынын Пре-зидентине караштуу Башкаруу академиясына жана окуу жүргүзүлө турганбашка региондук жогорку окуу жайларына берсин. 3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академия-сы: - окутууну жүргүзүү үчүн чыгымдардын сметасын иштеп чыксын жанаКыргыз Республикасынын Финансы министрлигине эки күндүк мөөнөттө тап-шырсын; - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мененбирдикте базасында окутуу жүргүзүлө турган жогорку окуу жайларды2010-жылдын 1-июнуна чейин аныктасын; - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Респуб-ликасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агент-тиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрликтерименен макулдашуу боюнча 2010-жылдын 7-июнуна чейин окутуунун графигиништеп чыксын жана тандап алынган талапкерлерди этабы менен окутууну жо-горку окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын эске алуу мененуюштурсун. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги башкаруу кадрларындаярдоо программасын ишке ашыруу үчүн бюджеттик жана башка финансылыккаражаттарды тапсын. 5. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаар-ларынын мэриялары талапкерлерди тандап алуу комиссияларынын иштеши үчүншарттарды төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзсүн: - региондук комиссиялардын туруктуу иштеши үчүн, ошондой эле окуу-га талапкерлерден документтерди кабыл алуу үчүн жай бөлүп берүү; - региондук комиссияларды зарыл болгон материалдык-техникалык базаменен камсыз кылуу. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн. 7. Бул токтом кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 52 токтому менен бекитилген Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча комиссиялар жөнүндө ЖОБО I. Негизги жоболор II. Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча Комиссия III. Окууга талапкерлерге жалпы талаптар IV. Окууга талапкерди аныктоонун тартиби I. Негизги жоболор 1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жыл-дын 30-апрелиндеги № 24 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка башка-руучулардын жањы муунун чакыруу программасы жөнүндө"
токтомуна ылайыкиштелип чыкты жана башкаруу кадрларын даярдоо комиссиясын түзүүнүн жанаанын иштешинин шарттарын жана тартибин аныктайт. Комиссиялар республикалык жана аймактык дењгээлдерде түзүлөт. Ко-миссиянын такталган курамдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадркызматынын директорунун буйругу менен бекитилет. 2. Комиссия талапкерлерди тандап алуунун окутуунун төмөнкү прог-раммалары боюнча ишке ашырат. 1-Программа - кызматтардын жогорку кызмат орундарына талапкерлерүчүн; 2-Программа - кызматтардын башкы жана улук кызмат орундарына та-лапкерлер үчүн; 3-Программа - кызматтардын кенже кызмат орундарына талапкерлерүчүн. II. Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча Комиссия 3. Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча комиссиянын (мын-дан ары - Комиссия) курамы: - Комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадркызматынын директору; - Комиссиянын төрагасынын орунбасары - Кыргыз Республикасынын жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Улуттук агенттигинин директорунунорунбасары; - Комиссиянын секретары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадркызматынын бөлүм башчысы; - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү (2өкүл); - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу Академия-сынын президент - ректору; - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигининөкүлү; - Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министрлигининөкүлү; - жаштар уюмдарынын өкүлдөрү (5 өкүл). 4. Республикалык комиссия: - талапкерлерди окутуунун 1-Программасы боюнча тандап алууну ишкеашырат; - аймактык комиссиялар тандап алган талапкерлердин тизмесин карапчыгат жана талапкерлерди 2 жана 3-программалар боюнча окууга киргизүүнүкабыл алат; - Мамлекеттик кадр кызматына 1-2-3-программалар боюнча окуй турганталапкерлердин тизмесин бекитүүгө киргизет. 5. Аймактык дењгээлдеги башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу ко-миссияларынын курамы: - комиссиянын төрагасы - областтык мамлекеттик администрациянынжетекчисинин орунбасары/республикалык маанидеги шаарлардын вице-мэрле-ри; - комиссиянын төрагасынын орунбасары - Кыргыз Республикасынын мам-лекеттик кадр кызматынын аймактык өкүлчүлүгүнүн өкүлү; - комиссиянын секретары - областтык мамлекеттик администрация-нын/республикалык маанидеги шаарлардын өкүлдөрү; - областтык мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси; - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнчаУлуттук агенттигинин өкүлү; - областтык маанидеги шаарлардын мэрияларынын өкүлү; - жогорку окуу жайынын өкүлдөрү; - жаштар уюмдарынын өкүлдөрү (2 өкүл). 6. Аймактык комиссиялар: - талапкерлерди окутуунун 2- жана 3-Программалары боюнча тандапалууну ишке ашырат; - алдын ала 2-3-программалар боюнча тандап алынган талапкерлердинтизмесин Республикалык комиссияга жиберет. 7. Комиссиянын курамына жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Кыргыз Респуб-ликасынын жаштар иштери боюнча министрликтин сунушу боюнча киргизилет. 8. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы: - башкаруу кадрларын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Прези-дентине караштуу башкаруу Академиясы, мамлекеттик жана муниципалдык ор-гандар, аймактык жогорку окуу жайлары менен биргеликте иш алып барат; - башкаруу кадрларын даярдоонун тийешелүү программалары боюнчаокууну талапкерлерди тандап алуу талаптарын иштеп чыгат жана бекитет; - массалык маалымат каражаттарында, мамлекеттик органдардын жанаКыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын веб-сайттарында баш-каруу кадрларын окутуу программасына талапкерлерди тандап алуу боюнчасынак жарыялайт; - башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча комиссиянын ишинекөзөмөлдүк кылат жана жөнгө салат; - республикалык жана аймактык комиссиялардын жыйынтыгынын негизин-де башкаруу кадрларын даярдоонун 1-2-3-программалары боюнча окуй турганталапкерлердин тизмесин бекитет жана аларды Кыргыз Республикасынын Пре-зидентине караштуу башкаруу Академиясына жана билим берүү уюмдарынажөнөтөт; - башкаруу кадрларын даярдоо программасынан өткөн адамдар туура-сындагы маалыматтарды жүргүзөт. III. Окууга талапкерлерге жалпы талаптар 9. Башкаруу кадрларын даярдоо программа боюнча окууга тартылчу та-лапкерлерге жалпы талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 2) окуу программасын эсепке алып - жогорку жана орто кесиптик би-лими; 3) 35 жашка чейинки жаш курагы; 4) мамлекеттик башкы кызмат орунундагы жети жылдан кем эмес жеадистиги боюнча он жылдан кем эмес эмгек стажы. 10. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси: - өз арызы; - өз маалымдамасы; - кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы; - паспортунун же өзүнүн ким экендигин тактоочу документтин (пас-порттун түп нускасы же өзүнүн ким экендигин тастыктоочу документти сы-накка келгенде өзү көрсөтөт) көчүрмөлөрү; - жогорку же орто кесиптик билимин тастыктаган документтерининкөчүрмөлөрү; - эмгек китепчесинин көчүрмөсү; - кесибин жогорулаткандыгы жөнүндө документтик көчүрмөсү (эгер барболсо); - сунуш каттары (артыкчылыктуу). Документтердин көчүрмөлөрү нотариатта же иштеген жериндеги кадр-ларды башкаруу кызматында тастыкталышы керек. IV. Окууга талапкерди аныктоонун тартиби 11. Окуу үчүн талапкерлерди аныктоо комиссиянын отурумдарында до-кументтерди кароо жолу менен жүргүзүлөт. Комиссиянын отуруму курамынынүчтөн экисинен көбү катышканда мыйзамдуу деп табылат. Комиссиянын чечими боюнча кошумча жазуу жүзүндөгү тапшырма жеањгемелешүү өткөрүлүшү мүмкүн. 12. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен кабыл алынат жанапротокол түрүндө түзүлөт, ага отурумга катышкан комиссиянын төрагасы,секретары жана мүчөлөрү колтамга коюшат. Добуштар тењ болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушучечүүчү күчкө ээ.