Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы №113 токтомунун редакциясына ылайык) 2. «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коо- мун жоюу комиссиясы: - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-беренесинде карал- ган кезектүүлүккө ылайык «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун кредиторлорунун талабын канааттандырсын; - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-беренесине ылайык кредиторлордун талабын канааттандыргандан кийин, коммерциялык банктарда- гы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасы- нын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун бардык эсептериндеги ка- ражаттардын калдыгын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бор- бордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун эсебине» которсун. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы №113 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казына- лыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасы- нын резервдик фондунун эсебине» которулган каражаттар «Кыргыз Республика- сынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун 2009-жылдын 27-августун- дагы № 19-05/22 Карыз милдеттенмесине 2009-жылдын 28-декабрындагы № 19-05/46 Кошумча макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине болгон карызынын бир бөлүгүн тындыруу катары эсептелсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы №113 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республика-
сынын Өнүктүрүү фонду" ЖАКынын жоюу комиссиясы менен бирдикте республи-калык бюджеттен "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" ЖАКына мурдабөлүнгөн каражаттарды салыштырып текшерүүнү жүргүзсүн жана табылган ка-ражаттарды өз убагында жана толугу менен Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкындагы "Кыргыз Республикасынын резервдик фондусунун эсеби" аттуу эсе- бине которууну камсыз кылсын.(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы №113 токтомунун редакциясына ылайык) 4. Кыргыз Республикасынын Финансылык полициясы мамлекеттик кызматы"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" ЖАКынын каражаттарын толукөлчөмдө табуу боюнча "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" ЖАКынынжоюу комиссиясынын ишине көмөк көрсөтсүн. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева