Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-июну № 495
2021-жылы 10, 12-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Ак-Чий жана Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 10, 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20, 25-майындагы № 270, 288 токтомдору менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Ак-Чий жана Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер Ашырбеков Мелисбек Мукашович катталган. Талапкер Жерге-Тал айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, М.М.Ашырбеков - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Ашырбеков Мелисбек Мукашович Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер Абдырахманова Анаркүл Абылгазиевна, Үрүстөмбек уулу Эркинбек, Чиркеев Бакыт Абылсейитович катталган. Талапкерлер Ак-Чий айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Ак-Чий айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,1-турда: А.А.Абдыракманова - 0 добуш, Үрүстөнбек уулу Э - 5 добуш, Б.А.Чиркеев - 3 добуш, 2-турда: Үрүстөнбек уулу Э - 0 добуш, Б.А.Чиркеев - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Чиркеев Бакыт Абылсейитович Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер Жылтыров Урмат Жаныбаевич, Суйгөнбаев Канатбек Назарбекович катталган. Талапкерлер Терек айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Терек айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, У.Ж.Жылтыров - 6 добуш, К.Н.Сүйгөнбаев - 4 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Жылтыров Урмат Жаныбаевич Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Ак-Чий жана Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 10, 12-июнундагы Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Жерге-Тал, Ак-Чий жана Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Ак-Чий жана Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10, 12-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Ак-Чий жана Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ашырбеков Мелисбек Мукашович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Чиркеев Бакыт Абылсейитович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Жылтыров Урмат Жаныбаевич Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жерге-Тал, Ак-Чий жана Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |