Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-июну № 496
2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 289 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер - Аалиев Азим Карыбекович, Анапия уулу Жыргалбек, Кыдыралиев Тыныбек Дуйшеналиевич, Чоробеков Кубанычбек Чоробекович, Ыдырысов Турат Сейдибакасович катталган. Талапкерлер Ат-Башы айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Ат-Башы айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, 1-турда: А.К.Аалиев - 7 добуш, Анапия уулу Ж. - 4 добуш, Т.Д.Кыдыралиев - 5 добуш, Чоробеков К.Ч. - 0 добуш, Т.С.Ыдырысов - 5 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш, 2-турда: А.К.Аалиев - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 10 добуш берилгендиги белгиленген. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Аалиев Азим Карыбекович Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Жаныбек уулу Анарбек, Жумалиев Адилет Жумалиевич, Усеков Таалай Алжанович катталган. Талапкерлер Ача-Кайыңды айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Ача-Кайыңды айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Жаныбек уулу А. - 3 добуш, А.Ж.Жумалиев - 8 добуш, Т.А.Усеков - 0 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш, берилгендиги белгиленген.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Жумалиев Адилет Жумалиевич Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 12-июнундагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2.Аалиев Азим Карыбекович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3.Жумалиев Адилет Жумалиевич Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |