Бишкек шаары2010-жылдын 27-майы УӨ №57 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Аскер кызматчыларын буюм мүлкүнүн айрым түрлөрү менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Аскер кызматчыларын бирдей үлгүдөгү буюм мүлкү менен камсыздооүчүн шарттарды түзүү максатында, ата мекендик өндүрүүчүнү колдоо жанаөнүктүрүү кызыкчылыгында, бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн зарылдыгынэске алып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кийимдин жана буткийимдин формасын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Тур-муш-тиричилик тейлөөнүн мамлекеттик комбинатында калькуляциясын КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамле-кеттик агенттиги менен макулдашып тиктирүүгө уруксат берилсин. 2. Мыйзамда аскердик кийим формасын кийүү каралган мамлекеттик ор-гандарга кийимдин жана бут кийимдин формасын тиктирүү үчүн заказды Кыр-гыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Турмуш-тиричилик тейлөөнүнмамлекеттик комбинатына, кийимдин жана бут кийимдин формасын тигүүгөуруксаты бар чарбакер субъекттерге жайгаштыруу сунуш кылынсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынКоргоо министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева