Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-июну № 515
2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы № 326 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Каламбеков Абдикарим Саалыевич - Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Кара-Бак айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын ичинен 30 депутаты катышып, А.Каламбековго - 22 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги, 1 жараксыз бюллетени белгиленген.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Каламбеков Абдикарим Саалыевич Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 15-июнундагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Каламбеков Абдикарим Саалыевич Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |