Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-июну № 516
2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы № 328 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Жалилов Бекжан Турсунбекович, Айбалаев Кыдырбек Каримович - Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Жаңы-Жер айылдык кеңешиндеги бардык 21 депутаты катышып, Б.Жалиловго - 12 добуш, К.Айбалаевге - 9 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Жалилов Бекжан Турсунбекович Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Ташбалтаев Өскөнбай Каримович, Каландаров Адылбай Ибрагимович, Абдираимов Жамалидин Өмүрович - Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу мененКулунду айылдык кеңешиндеги бардык 31 депутаты катышып, Ө.Ташбалтаевге - 19 добуш, А.Каландаровго - 12 добуш, Ж.Абдираимовго - 0 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Ташбалтаев Өскөнбай Каримович Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 15-июнундагы Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Жалилов Бекжан Турсунбекович Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3.Ташбалтаев Өскөнбай Каримович Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |