Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-июну № 533
2021-жылы 17-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-майындагы № 344 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер Кудайбергенов Курманбек Асанович, Таалайбек уулу Камчыбек катталган. Талапкерлер Миң-Булак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу менен Миң-Булак айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, К.А.Кудайбергенов - 11 добуш, Таалайбек уулу К. - 9 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу менен Кудайбергенов Курманбек Асанович Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер Абдыраймакунов Уланбек Кубанычбекович, Мортуков Акылбек Талантбекович, Мусурканов Азамат Нарынбекович, Назарбаев Жаныбек Сагыналиевич, Сыдыкбеков Талантбек Акматалиевич катталган. Талапкерлер Чет-Нура айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу менен Чет-Нура айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, У.К.Абдыраймакунов - 11 добуш, А.Т.Мортуков - 0 добуш, А.Н.Мүсүрканов - 5 добуш, Ж.С.Назарбаев - 0 добуш, Т.А.Сыдыкбеков - 5 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу менен Абдыраймакунов Уланбек Кубанычбекович Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 17-июнундагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Миң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
Төрага | Н. Шайлдабекова |