Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-июну № 534
2021-жылы 14, 15-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл, Куршаб, Ийри-Суу жана Чангет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 14, 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы № 321 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл, Куршаб, Ийри-Суу жана Чангет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Эсенбаев Өзгөнбай Аттокурович, Тажибаев Максатбек Тургунбаевич катталган. Талапкерлер Төрт-Көл айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Төрт-Көл айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, О.А.Эсенбаев - 11 добуш, М.Т.Тажибаев - 9 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Эсенбаев Өзгөнбай Аттокурович Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Келдибаев Сактан Аширалиевич, Ташиев Алтынбек Алинович катталган. Талапкерлер Куршаб айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Куршаб айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, С.А.Келдибаев - 20 добуш, А.А.Ташиев - 10 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Келдибаев Сактан Аширалиевич Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер - Жолдошев Алмазбек Маматибраимович, Мамадалиев Бакир Шамшидинович, Мисиралиев Замирбек Шарипбаевич, Курманбеков Сейтек, Чолпонбаев Жанабек катталган. Талапкерлер Ийри-Суу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Ийри-Суу айылдык кеңешиндеги эки турдагы шайлоодо 21 депутаты катышып, биринчи турунда, А.М.Жолдошов - 9 добуш, Б.Ш.Мамадалиев - 2 добуш, З.Ш.Мисиралиев - 0 добуш, С.Курманбеков - 6 добуш, Ж.Чолпонбаев - 4 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда, А.М.Жолдошев - 10 добуш, С.Курманбеков - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0добуш берилгендиги белгиленген.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Курманбеков СейтекИйри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чангет айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Абдыраимов Бектур Маматжанович, Каратаев Базарали Тагаевич, Эшиев Төрөбек Саматович катталган. Талапкерлер Чангет айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Чангет айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Б.М.Абдыраимов - 1 добуш, Б.Т.Каратаев - 6 добуш, Т.С.Эшиев - 4 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Каратаев Базарали Тагаевич Чангет айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл, Куршаб, Ийри-Суу жана Чангет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 14, 15-июнундагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Төрт-Көл, Куршаб, Ийри-Суу жана Чангет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл, Куршаб,2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Ийри-Суу, Чангет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14, 15-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл, Куршаб, Ийри-Суу жана Чангет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Эсенбаев Өзгөнбай Аттокурович Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3.Келдибаев Сактан Аширалиевич Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Курманбеков Сейтек Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.5. Каратаев Базарали Тагаевич Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Төрт-Көл, Куршаб, Ийри-Суу жана Чангет айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |