КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2010-жылдын 2-июну УӨ № 60 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Мамлекеттик ветеринария системасын оптималдаштыруу жана КыргызРеспубликасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветери-нария инспекциясынын ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасы-нын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мам-лекеттик ветеринария инспекциясы жөнүндө жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 2010-жылга бюд-жетте каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарбаминистрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария инспекциясынын уюшту-руу, финансылык жана башка маселелерин бир айлык мөөнөттө чечсин. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мам-лекеттик ветеринария инспекциясынын штатынын сандык чеги 271 бирдик ме-нен бекитилсин. 4. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул ток-томго каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынАйыл чарба министрлигине тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева