Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-июну № 535
2021-жылы 14, 15-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 14, 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы № 320 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер - Абдилазиз уулу Бактыбек, Акматалиев Латипжан Абдыраманович, Жаныбаев Автандил Ысамаметович, Карыев Алымбек Убаневич катталган. Талапкерлер Кызыл-Жар айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Кызыл-Жар айылдык кеңешиндеги эки турдагы шайлоодо 21 депутаттын 20 депутаты катышып, биринчи турунда, Б.Абдилазиз уулу - 9 добуш, Л.А.Акматалиев - 0 добуш, А.Ы.Жаныбаев - 4 добуш, А.У.Карыев - 7 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда, Б.Абдилазиз уулу - 11 добуш, А.У.Карыев - 9 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Абдилазиз уулу Бактыбек Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Алайкуу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер - Айтмерек уулу Алымкул, Иса уулу Нурдин, Касымакунов Жеңишбек Моңолбаевич, Эргешбаев Бактыбек Абдылдаевич катталган. Талапкерлер Алайкуу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу Алайкуу айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, А.Айтмерек уулу - 0 добуш, Н.Иса уулу - 7 добуш, Ж.М.Касымакунов - 0 добуш, Б.А.Эргешбаев - 12 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Эргешбаев Бактыбек Абдылдаевич Алайкуу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 6 талапкер - Исраилов Мирбек Акбарович, Нурмаматов Алмазбек Тагайбекович, Саипов Бакытбек Саипович, Сыдыков Нурланбек Тургумбекович, Эргешов Турдумамат Шермаматович, Жээнбеков Бактыбек Эрмаматович катталган. Талапкерлер Кара-Кулжа айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Кара-Кулжа айылдык кеңешиндеги эки турдагы шайлоодо 31 депутаты катышып, биринчи турунда, М.А.Исраилов - 7 добуш, А.Т.Нурмаматов - 5 добуш, Б.С.Саипов - 7 добуш, Н.Т.Сыдыков - 1 добуш, Т.Ш.Эргешов - 0 добуш, Б.Э.Жээнбеков - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда, Б.Э.Жээнбеков - 24 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 7 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Жээнбеков Бактыбек Эрмаматович Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 14, 15-июнундагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Алайкуу, 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14, 15-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Абдилазиз уулу Бактыбек Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Эргешбаев Бактыбек Абдылдаевич Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Жээнбеков Бактыбек Эрмаматович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |