Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-июну № 536
2021-жылы 16-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-майындагы № 342 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Чолпанов Икрамжон Сайфитдинович, Таштанбеков Улугбек Таштанбекович, Козиев Гайратжан Саркарбаевич катталган. Талапкерлер Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 16-июнундагы протоколу менен Арстанбап айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, 1-турда: И.Чолпановго - 15 добуш, У.Таштанбековго - 15 добуш, Г.Козиевге - 1 добуш; 2-турда: И.Чолпановго - 19 добуш, У.Таштанбековго - 12 добуш берилгендиги белгиленген.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 16-июнундагы протоколу менен Чолпанов Икрамжон Сайфитдинович Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 16-июнундагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 16-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чолпанов Икрамжон Сайфитдинович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |