Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-июну № 539
2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 290 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Жумуков Рахатбек Ташынович, Жекшенов Актан Актанович катталган. Талапкерлер Баш-Кууганды айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Баш-Кууганды айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Р.Т.Жумуков - 6 добуш, А.А.Жекшенов - 5 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Жумуков Рахатбек Ташынович Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 12-июнундагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Жумуков Рахатбек Ташынович Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |