Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-июну № 544
2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 219 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Адишов Алтынбек Жапарбаевич, Мамбеталиев Нурмухамед Камалбекович, Мамасалиев Нурбек Нематович катталган. Талапкерлер А.Адишов, Н.Мамбеталиев Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан жана Н.Мамасалиев Бешик-Жон айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Бешик-Жон айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, А.Адишовго - 12 добуш, Н.Мамбеталиевге - 8 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Адишов Алтынбек Жапарбаевич Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына 2 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
2021-жылдын 2-июнундагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Адишов Алтынбек Жапарбаевич Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |