Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-июну № 545
2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 4-июнундагы № 362 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Омурзаков Нурбек Абдикаримович, Надырбеков Адылбек Орозбекович катталган. Талапкерлер Арал айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Арал айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутатыкатышып,1 турда: Н.Омурзаковго - 10 добуш, А.Надырбековго - 9 добуш; 2 турда: Н.Омурзаковго - 14 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 5 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Омурзаков Нурбек Абдикаримович Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 18-июнундагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Омурзаков Нурбек Абдикаримович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Арал айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |