Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-июну № 546
2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 4-июнундагы № 362 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Кадыркулов Мергенбай Карагулович, Токоев Улан Тынымбекович, Тууганбаев Көчкөнбай Чороевич катталган. Талапкерлер А.Суеркулов айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен А.Суеркулов айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, М.Кадыркуловго - 11 добуш, У.Токоевге - 0 добуш, К.Тууганбаевге - 9 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Кадыркулов Мергенбай Карагулович А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 18-июнундагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кадыркулов Мергенбай Карагулович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайланган А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |