Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-июну № 547
2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 4-июнундагы № 362 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Атай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер - Ташматов Замирбек Кыязбекович, Жаныбаев Аскербек Карыпбекович, Өмүрбек уулу Таалайбек, Манапбаева Кардыгач Медеткановна катталган. Талапкерлер Атай айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Атай айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, З.Ташматовго - 0 добуш, А.Жаныбаевге - 6 добуш, Өмүрбек уулу Таалайбекке - 4 добуш, К.Манапбаевага - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Жаныбаев Аскербек Карыпбекович Атай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 18-июнундагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын Атай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Жаныбаев Аскербек Карыпбекович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Атай айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |