Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-июну № 548
2021-жылы 4 жана 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 4 и 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 221 жана 2021-жылдын 21-майындагы № 267 токтомдору менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Калмаматов Мирланбек Ыманалиевич, Омурзаков Майсалбек Чокмокович катталган. Талапкерлер М.Калмаматов - Сузак райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан, М.Омурзаков Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Кызыл-Туу айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, М.Калмаматовго - 15 добуш, М.Омурзаковго - 16 добуш берилгендиги белгиленген.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Омурзаков Майсалбек Чокмокович Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Самидинов Нурбек Жолмаматович, Гиязов Тайхожа Ульмасович, Мамаев Нурболот Маматназарович катталган. Талапкерлер Н.Самидинов - Сузак райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан, Т.Гиязов, Н.Мамаев Таш-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Таш-Булак айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, Н.Самидиновго - 16 добуш, Т.Гиязовго - 15 добуш, Н.Мамаевге - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Самидинов Нурбек Жолмаматович Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана Сузак аймактык шайлоо комиссиясына 4 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
2021-жылдын 4 жана 10-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4 жана 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Омурзаков Майсалбек Чокмокович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Самидинов Нурбек Жолмаматович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |