Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-июну № 549
2021-жылы 19-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-июнундагы № 357 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Арстанбеков Зайырбек Советбекович, Шадыканова Гүлмира Курманбековна, Ахмедов Муродбек Махамадович катталган. Талапкерлер Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 19-июнундагы протоколу менен Бүргөндү айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, З.Арстанбековго - 15 добуш, Г.Шадыкановага - 5 добуш, М.Ахмедовго - 1 добуш.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 19-июнундагы протоколу менен Арстанбеков Зайырбек Советбекович Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 19-июнундагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 19-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Арстанбеков Зайырбек Советбекович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |