Бишкек шаары2010-жылдын 3-июну УӨ № 63 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелин-деги № 1 "Бир жолу берилүүчү материалдык жардам жөнүндө"
токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 2-пунктунун алтынчы абзацындагы "10000 (он мињ)" деген сөздөр"50000 (элүү мињ)" деген сөздөргө алмаштырылсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апре-линде болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аскер кыз-матчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алгандаКыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жанажабыр тарткан жарандарына материалдык жардам берүүнүн тартибинде: 2-пунктунун бешинчи абзацындагы "ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык- 10000 (он мињ сом)" деген сөздөр "жогоруда аталган токтомдун 1-пунк-туна ылайык - 50000 (элүү мињ) сом" деген сөздөргө алмаштырылсын. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева