Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-июну № 564
2021-жылы 21-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы № 369 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Мамыров Тынчтыкбек Асилбекович, Субанов Бактыулан Мураталиевич катталган. Талапкерлер Ленин айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 21-июнундагы протоколу менен Ленин айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Т.А.Мамыров - 9 добуш, Б.М.Субанов - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 21-июнундагы протоколу менен Субанов Бактыулан Мураталиевич Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 21-июнундагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 21-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Субанов Бактыулан Мураталиевич Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |