КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы УӨ № 33 токтому менен бекитилди Анкара шаары2009-жылдын 7-декабры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү(мындан ары Тараптар), Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 1993-жылдын 3-мартындагы Аскердик билимберүү боюнча кызматташтык жөнүндө келишимине жана 2000-жылдын 15-июнун-дагы Билим берүү, илим жана техника жаатындагы кызматташтык жөнүндө
ма-кулдашууга таянып, достук мамилелерин өнүктүрүү жана Кыргыз Республика-сынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүү алкагындатөмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Максаты Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө АКШдолларына эквиваленттүү 1170000 (бир миллион жүз жетимиш мињ) түрк лириөлчөмүндө грант бөлүп берген жатат. Бул гранттын колдонуусу 2009-жылыбашталат. 2-берене. Пайдалануу чөйрөсү Ушул Макулдашуунун алкагында, көрсөтүлгөн гранттын АКШ долларынаэквиваленттүү 1125000 (бир миллион жүз жыйырма беш мињ) түрк лири мате-риалдык каражаттар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө, ал эми АКШ доллары-на эквиваленттүү 45000 (кырк беш мињ) түрк лири Түркия Республикасынынмыйзамдарына ылайык акчалай берилет. 3-берене. Компетенттүү жана координациялоочу органдар Ушул Макулдашуу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түрк Рес-публикасынын Генералдык штабы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнатынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аткарылат.Ушул Макулдашуу менен байланышкан маселелер боюнча координациялоочу ор-ган болуп Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жанаКыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Ас-кердик Атташе Аппараты эсептелет. Эки тараптын Өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөру ушул Макулдашу-уга 2009-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында,2009-жылдын 7-декабрында Түркиянын Анкара шаарында кол коюшту. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Өкмөтүнүн атынан Колу: Колу: Кудайбердиев Абибила Алпаслан Ердоган генерал-майор генерал-лейтенант Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын коргонууну Башкы штабынын башчысы - пландаштыруу жана ресурстарды Коргоо министринин биринчи башкаруу департаментинин орун басары башчысы