Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
202-жылдын 7-июлу № 611
2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 524 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоо болуп өттү.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэринин кызмат ордуна 4 талапкер - Абылов Рахматалы Алишерович - "Ата-Журт Кыргызстан", "Замандаш" депутаттык фракциясынан, Айтмаматов Улан Алимбекович - "Бирге-Вместе" депутаттык фракциясынан, Балташов Алмазбек Шукуралиевич - "Мекен Ынтымагы" депутаттык фракциясынан, Казыбеков Эрлан Нурланбекович - "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.
Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Кара-Көл шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, 1-турда: Р.Абыловго - 6 добуш, У.Айтмаматовго - 7 добуш, А.Балташовго - 10 добуш, Э.Казыбековго - 8 добуш; 2-турда: А.Балташовго - 17 добуш, Э.Казыбековго - 13 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Балташов Алмазбек Шукуралиевич Кара-Көл шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 2-июлундагы Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-июлундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Балташов Алмазбек Шукуралиевич Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кара-Көл шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |