Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июлу № 618
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Токтогул, Ноокен, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Токтогул, Ноокен, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул, Ноокен, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Токтогул, Ноокен, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Токтогул, Ноокен, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы № 618 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
1 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык | Торокулов Омурбек Турсунбаевич | Жеке арызы | № 22, 02.07.2021-ж. |
Ноокен району | ||||
2 | Масы айылдык | Нарматов Азамат Эгембердиевич | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 57, 01.07.2021-ж. |
3 | Арал айылдык | Омурзаков Нурбек Абдикаримович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 57, 01.07.2021-ж. |
4 | Сакалды айылдык | Осмонов Алимбек Гуламжанович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 57, 01.07.2021-ж. |
5 | Момбеков айылдык | Абдыжапаров Кадырбек Зулпукарович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 57, 01.07.2021-ж. |
6 | Молошов Дастанбек Адилбекович | Жеке арызы | № 59, 01.07.2021-ж. | |
7 | Абдыкадырова Батма Абдыганиевна | Жеке арызы | № 59, 01.07.2021-ж. | |
8 | Бүргөндү айылдык | Арстанбеков Зайырбек Советбекович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 57, 01.07.2021-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
9 | Боз-Учук айылдык | Тилекманов Айбек Таалайбекович | Жеке арызы | № 33, 02.07.2021-ж. |
Түп району | ||||
10 | Чоң-Таш айылдык | Амандыков Нурлан Асырампаевич | Айыл башчы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 41, 25.06.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы № 618 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
1 | Чоң-Таш айылдык | Усенов Эламан Зарылбекович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 41, 25.06.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы № 618 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
1 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык | Ибраимова Асилкан Калиловна | Райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын айылдык тейлөөчү | № 23, 02.07.2021-ж. |
Ноокен району | ||||
2 | Масы айылдык | Камытов Мирбек Касымович | РСК Банкынын Ноокен филиалынын бөлүмүнүн башчысы | № 58, 01.07.2021-ж. |
3 | Арал айылдык | Джакипов Раимжан Кудайбердиевич | Жеке ишкер | № 58, 01.07.2021-ж. |
4 | Сакалды айылдык | Жунусов Муратбек Адылбекович | Убактылуу иштебейт | № 58, 01.07.2021-ж. |
5 | Момбеков айылдык | Дөмушев Тилек Апсаматович | "Кыргызнефтегаз", оператор | № 58, 01.07.2021-ж. |
6 | Молдокеримов Дастанбек Эрмаматович | Жеке ишкер | № 59, 01.07.2021-ж. | |
7 | Толонова Калбү Айтмаматовна | Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрайымы | № 59, 01.07.2021-ж. | |
8 | Бүргөндү айылдык | Айдаралиев Нажимидин Макамбаевич | Жеке ишкер | № 57, 01.07.2021-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
9 | Боз-Учук айылдык | Мукашев Рыскельди Туртемирович | Жеке ишкер | № 34, 02.07.2021-ж. |
Түп району | ||||
10 | Чоң-Таш айылдык | Эгембердиев Мирлан Советович | Дыйкан чарба | № 42, 25.06.2021-ж. |