Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-январы №2
"Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана анын аймактык органдарынын иштерин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин сандык чеги 546 адам (техникалык жана тейлөөчү персоналдан башкасы), анын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппараты 110 адам (техникалык жана тейлөөчү персоналдан башкасы) жана эмгек акы төлөө фонду республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде белгиленсин".
Эскертүү:
- сандык чек Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгын, Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментин эсепке албастан аныкталган.";
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Юстиция министрине Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин алар өздөрүнүн милдеттерин тиешелүү аткарбаган учурда он төрт күнгө, ошол эле учурда ээлеген кызматтан аларды бошотуу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш жиберүү менен четтетүү укугу берилсин.";
Аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасында:
"СЭМБ Баткен облусу боюнча филиалы" жана "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча башкармалыгы юридикалык жактын статусу жок" деген позициялар алып салынсын;
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы "укук коргоочу органдын статусуна ээ" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункт "аскерлештирилген уюм деген статуска ээ болгон" деген сөздөрдөн кийин ", укук коргоочу" деген сөздөр толукталсын;
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын:
- 6-пункттун тогузунчу абзацы "Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктарынын чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктта:
"а)" пунктчасы:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- иштин белгиленген чөйрөсүндө ченемдик-укуктук жөнгө салууну жүргүзөт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- юстиция органдарын жана мекемелерин каржылоого тиешелүү бөлүгүндө республикалык бюджеттин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;";
- тогузунчу жана онунчу абзацтар алып салынсын;
"г)" пунктучасында:
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- бирдиктүү мамлекеттик реестр жүргүзөт жана юридикалык жактардын, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн бирдиктүү маалымат банкын түзөт;
- юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалымат берет;
- нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзөт;
- мамлекеттик жана менчик нотариалдык конторалардын жана менчик нотариустардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- жарандык абал актыларына мамлекеттик каттоо жүргүзөт;";
- он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктарынын чегинде сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгат;";
"д)" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министрликтин архивдик документтерин комплектөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзөт;";
- 9-пункттун жетинчи абзацы алып салынсын;
- 12-пунктта:
төртүнчү абзац алып салынсын;
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасындагы мамлекеттик кызматкерлерди, ошондой эле Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жана Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаменттин кызматкерлерин, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринен тышкары, кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;";
тогузунчу жана онунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен макулдашуу боюнча Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эмгек акы төлөө фонду жана министрликтин кызматкерлеринин сандык чегинин чектеринде аймактык органдардын, мекемелердин жана ведомстволук бөлүмдөрдүн түзүмдөрүн, штаттык расписаниелерин жана штаттык сандарын бекитет;
- түзүмдүк бөлүмдөр жана аймактык органдар жөнүндө жоболорду бекитет;";
жыйырма сегизинчи абзац алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу абзац менен толукталсын:
"Юстиция министри облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жана ведомстволук мекемелердин башкармалыктарынын начальниктерин кызматтан бошотуу түрүндөгү жаза берүүдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасындагы мамлекеттик кызматкерлерди, Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жана тартиптик мүнөздөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды аларга карата колдонуу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө укуктуу.";
- 13-пункттагы "11" деген сандар "9" деген санга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Граждандык-процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексинде белгиленген өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмүн аныктоо менен Кыргыз Республикасынын бардык соттук инстанцияларындагы сот заседаниелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга мамлекеттик органдардын кызматкерлерине ишеним каттарды берүүнү уюштуруу жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте ишеним каттарды берүү менен байланышкан архивдик материалдарды, наряддарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына өткөрүп берсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ