Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 9-июлу № 621
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине "Жалпы иш" коомдук фондунун даттануусу жөнүндө
2021-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) укук коргоо органдарынан келип түшкөн материалдар боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - Ош АШК) 2021-жылдын 8-июлундагы № 24/1 чечимин жокко чыгаруу тууралуу "Жалпы иш" коомдук фондунан даттануу келип түшкөн.
"Жалпы иш" коомдук фонду милицияга шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөнүн, анын жүрүшүндө үч адам кармалып, алардан 115000 сом жана шайлоочулардын тизмеси табылгандыгын билдирген. Кармалгандардын бирөөсү "Ынтымак" саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына № 17 талапкер Б.Латиханов болуп саналат.
Андан ары арыз ээси тергөө иш-чараларын жүргүзгөндө "Ынтымак" саясий партиясынын пайдасына шайлоочуларды сатып алуу фактысын аныктаган укук коргоо органдарынын маалыматтарына таянган.
Арыз ээсинин пикири боюнча, мындай аракеттер "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн нормасына карама каршы келет, ага ылайык шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынат. Арызда бул учурда аталган норманы ачыктан-ачык эле бузуу болгондугу көрсөтүлгөн. Өз кезегинде, Шайлоо жөнүндө Мыйзамдын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн нормасына ылайык шайлоочуларды сатып алууну жасоого катышуу саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарууга негиз болуп саналары көрсөтүлгөн.
Арыз ээсинин билдиргени боюнча, 2021-жылдын 8-июлунда Ош АШКнын жыйынында "Ынтымак" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечимдин долбоору добушка коюлган. Бирок "Ынтымак" саясий партиясынын өкүлдөрүнүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга катыштыгы бар экендигин тастыктаган жетиштүү материалдар болсо дагы Ош АШКсы аталган саясий партиянын каттоосун жокко чыгарган эмес.
"Жалпы иш" коомдук фонду Ош АШКнын аталган чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Ушуга байланыштуу Ош АШКнын 2021-жылдын 8-июлундагы № 24/1 чечимин суратып алып, аны жокко чыгарууну, ошондой эле "Ынтымак" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууну суранган. Даттанууну жана даттануу боюнча Ош АШКдан суратылып алынган материалдарды карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөндөгүлөрдү аныктады.
2021-жылдын 7-июлунда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна (мындан ары - Ош АШКнын ЫЧККТ) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча 2021-жылдын 7-июлундагы БЖЖРге катталган № 03-092-2021-002480 сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын материалдары келип түшкөн.
2021-жылдын 7-июлунда Ош АШКга Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынан келип түшкөн катка ылайык (№ 32/3-15/1300): "2021-жылдын 7-июлунда Ош шаарынын ИИБнын улук ыкчам кызматчысы милициянын капитаны У. Айдаровдон 2021-жылдын 11-июлундагы Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоочуларды сатып алуу максатында "Ынтымак" саясий партиясынын өкүлдөрү тарабынан Ош шаарындагы Джумабаев көчөсүндө акча каражаттары таркатылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул маалымат Ош шаарынын ИИББнын маалыматтарды эсепке алуунун журналында № 02-092-2021-002574 катталган, милиция кызматкерлери окуя болгон жерде болушуп, бардык зарыл материалдар жыйналган. Топтолгон сотко чейинки өндүрүш материалдары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча 2021-жылдын 7-июлунда № 03-092-2021-002480 БЖЖРге катталган, сотко чейинки өндүрүш башталган.
1) Жеринде ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө Х.К. Исманалиевадан мүлктүк далил катары жалпы суммасы 115 миң сом (жүз он беш миң сом) акча каражаты жана 7 барактан турган Ош шаарынын Эмир-Темир кичи районундагы Жалал-Абад көчөсүндө жайгашкан шайлоочулардын тизмеси алынган.
Тергөө иш-чарасынын жүрүшүндө Ош шаарынын Эмир-Темир кичи районундагы Жалал-Абад көчөсүндө жашаган, өзүн "Ынтымак" саясий партиясынын үгүтчүсү катары атаган Х.К.Исманалиева көрсөтүлгөн акча каражаттарын шайлоочуларды сатып алуу максатында алынган шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочуларга 1000 (миң) сомдон таркатуу, ал эми ар бир шайлоочу үчүн сый акы катары өзүнө 500 сомдон алуу максатында "Ынтымак" саясий партиясынын талапкери Б.Л.Латихановдон алгандыгы боюнча көрсөтмө берген. Ошондой эле Х.Исманалиева өз эрки менен тергөөгө сый акы катары алган 10000 (он миң) сомду өткөрүп берген.
2) Тергөө иш-чарасынын жүрүшүндө жаран Ш.М.Розиевадан шайлоочулардын тизмеси менен баракчалар алынган. Ш.М.Розиева өзүнүн көрсөтмөсүндө "Ынтымак" саясий партиясынын үгүтчүсү экендигин жана азыркы учурга чейин шайлоодо "Ынтымак" саясий партиясына добуш берүү үчүн "Ынтымак" саясий партиясынын талапкери Б.Л.Латихановдон алган 15 шайлоочуга 1000 (бир миң) сомдон акча таркатканын тастыктаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ш.М.Розиевадан алышкан жаран Э.А.Турсунбаевадан мүлктүк далил катары 4000 (төрт миң) сом, Л.Юсуповадан 1000 (бир миң) сом алынган. Аталган жарандар өздөрүнүн көрсөтмөлөрүндө алардан алынган акча каражаттары "Ынтымак" саясий партиясынын талапкери Б.Латихановго добуш берүү үчүн Ш.Розиевадан алышканын тастыкташкан".
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 10-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, Ош шаардык ИИБ аталган каты менен "Ынтымак" саясий партиясынын талапкери Б.Л.Латихановду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Ош АШКга кайрылган.
Ош АШКнын 2021-жылдын 7-июлундагы № 23/2 чечими менен Б.Л.Латихановду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.
2021-жылдын 8-июлунда Ош АШКга Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынан кат (№ 32/3-15/1310) келип түшкөн, катта Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгына шектелүү жөнүндө билдирме тапшыруу менен КР ЖПК 98-99-беренелерине ылайык Б.Л.Латиханов ИИББнын СИЗОсуна камакка алынганы баяндалган. Бул кат Ош АШКга аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын алкагында мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликти кароо үчүн маалымат иретинде жөнөтүлгөн.
Ош АШКнын отурумунда 8-июлда ушул маселе каралган, бирок № 24/1 чечимге ылайык "Ынтымак" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-июлундагы жыйынына "Жалпы иш" коомдук фондунан К.Б.Мамытова, Ош АШКнын төрагасы У.Аттокуров, "Ынтымак" саясий партиясынын төрагасы М.А.Маматалиев катышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында арыз ээси даттанууда көрсөтүлгөн жүйөлөрдү жана талаптарды аныктады.
Даттанууну жана ага тиркелген материалдарды карап чыгып, арыз ээсин жана кызыктар тараптарды угуп, Борбордук шайлоо комиссиясы Ош АШКнын 2021-жылдын 8-июлундагы № 24/1 чечимин мыйзамсыз, негизсиз жана төмөндөгү шарттар боюнча жокко чыгарууга жатат деп эсептейт.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүндө шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынары белгиленген.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, "Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет басылмалар ушул берененин 2, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды ушул Мыйзам жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга милдеттүү.
Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү".
Ошондой эле "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык "Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат".
Жогоруда баяндалган нормаларга байланыштуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы аркылуу укук коргоо органы тарабынан Ош АШКга шайлоочулардын добуштарын сатып алууга "Ынтымак" саясий партиясынын өкүлдөрүнүн (талапкеринин) катыштыгы бар экендиги жөнүндө тийиштүү материалдар берилген.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык: шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга", демек шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо саясий партиялар шайлоо процессинин субъектиси болуп саналышат.
Шайлоого катышкан саясий партиялар субъекттер чөйрөсүнө ээ (талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер, шайлоо жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, шайлоо комиссияларындагы саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, үгүттөөчүлөр).
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, "талапкер, саясий партия ушул Мыйзамда каралган тартипте шайлоо комиссияларында өкүлдөрдү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу. Ушул Мыйзамда каралган учурларда талапкер, саясий партия ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы менен байланышкан өздөрүнүн өкүлдөрүнүн аракеттери үчүн жоопкерчилик тартат".
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарына ылайык, "Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
- аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгүнүн фактылары ырасталганда;
- саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуусунун же алардын шайлоочуларды сатып алууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда".
Иш материалында камтылган укук коргоо органдарынан алынган маалыматтарга жана көрсөтмөлөргө ылайык, "Ынтымак" саясий партиясынын өкүлдөрүнүн аракеттеринде "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарына ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгарууга алып келген бузуулар, атап айтканда талапкер Б.Л.Латиханов жана аталган саясий партиянын өкүлдөрү шайлоочуларды сатып алууну ишке ашыргандыгы (Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын бузуулар) бар экендиги көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, укук коргоо органдары тарабынан берилген материалдар саясий партиянын пайдасына аталган адамдар тарабынан шайлоочуларды сатып алуунун эки эпизодун белгилейт, бул "Ынтымак" саясий партиясынын өкүлдөрү тарабынан мындай бузуулардын системалуулугун билдирип турат.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык "Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат жана кетирилген бузууларды четтетүү боюнча чараларды кабыл алат".
Өз кезегинде укук коргоо органдары тарабынан берилген шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактыларына Ош АШК тарабынан тийиштүү маани берилген эмес, бузуучуларга карата тийиштүү чаралар кабыл алынган эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул маселени кароодо жана даттануу боюнча чечим чыгарууда Ош АШКнын аракетсиздигин белгилейт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда ушул маселени кароодо "Ынтымак" саясий партиясынын төрагасы М.А.Маматалиев шайлоочуларды сатып алууга саясий партиянын өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендиги тууралуу фактыны ырастады жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу тууралуу жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө арызын берди.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 28, 44, 41, 54-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ынтымак" саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылсын.
2. Шайлоо мыйзамдарын бузуу учурларда аракетсиздикке жол бербөө жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясы эскертилсин.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси К.Маматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |