Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-августу № 651
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектөөчү жабдыктарын иштеп чыгууга, өркүндөтүүгө, ишке киргизүүгө жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруунун эрежелери жөнүндө
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте улуттук коргонууну жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу учурларда түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алууларды өз алдынча сатып алууларды жүргүзүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 токтому менен улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды, маалыматтык коопсуздукту коргоого жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартиби бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 127 токтому менен маалыматтык коопсуздуктук камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомуна бекитилген тартипке ылайык мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууга укуктуу мамлекеттик органдардын тизмесине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын киргизүү бөлүгүндө өзгөртүү киргизилген. Ошондой эле шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектөөчү жабдыктарын иштеп чыгууга, өркүндөтүүгө, ишке киргизүүгө жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу улуттук коопсуздукту, атап айтканда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу алкагында ишке ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга киргизилип кошулган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 токтомунун 2-пункту менен бекитилген тартипке ылайык мамлекеттик органдарга мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн ички эрежесин иштеп чыгуу каралган.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектөөчү жабдыктарын иштеп чыгууга, өркүндөтүүгө, ишке киргизүүгө жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруунун эрежесин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектөөчү жабдыктарын иштеп чыгууга, өркүндөтүүгө, ишке киргизүүгө жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруунун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 17-августундагы № 651 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектөөчү жабдыктарын иштеп чыгууга, өркүндөтүүгө, ишке киргизүүгө жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектөөчү жабдыктарын иштеп чыгууга, өркүндөтүүгө, ишке киргизүүгө жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруунун Эрежелери (мындан ары -Эрежелер) "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды, маалыматтык коопсуздукту коргоого жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 токтомуна ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Эрежелер шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектөөчү жабдыктарын иштеп чыгууга, өркүндөтүүгө, ишке киргизүүгө жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жөнгө салат жана тыюу салуунун төмөндөгү принциптерине негизделет:
- сатып алуулардын жол-жоболору боюнча расмий жазууларга коомчулуктун жетүүсү;
- ачык жарыя кылуу жана конкурстук соодалашууга катышууга чакыруу;
- убакыт боюнча чектөө;
- каршы болуулар жана даттануулар;
- сатып алуунун усулун мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу.
3. Программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектөөчү жабдыктарын иштеп чыгууга, өркүндөтүүгө, ишке киргизүүгө жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда алардын купуялуулугунун жана бүтүндүгүнүн кепилдиктерин камсыз кылуу, авторлоштурулбаган өзгөртүүдөн же алып салуудан, шифрлештирүүнүн пайдаланылган системасын ачуудан жана криптографиялык каражаттарын коргоо боюнча атайын чараларды талап кылган шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык ресурстарда камтылган маалыматтарды максималдуу түрдө коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу ушул Эрежелердин максаттары жана милдеттери болуп саналат.
2. Сатып алууларды өткөрүүнүн жол-жоболору
4. Сатып алуунун жабык жол-жоболорун өткөргөндө ушул Эрежелердин сатып алуулар ыкмасы колдонулат.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул Эрежелерде белгиленген маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан товарларды алып келүүнү, жумуштарды аткарууну, кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү зарылчылыгы жаралганда сатып алуулардын жабык жол-жоболорун жүргүзөт.
6. Сатып алуулардын жабык жол-жоболорун жүргүзүүдө маалыматтык коопсуздукту түзгөн товарлар, аткарылуучу жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар сатып алуулар жөнүндө кабарламада, сатып алуунун жол-жоболорунун документтеринде же болбосо келишимдин долбоорунда камтылат.
7. Сатып алуунун жабык жол-жоболоруна катышууга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чакырылган берүүчүлөргө гана жол берилет.
8. Сатып алуунун жабык жол-жоболорун өткөрүүдө аны өткөрүү жөнүндө маалымдама, сатып алуулар жөнүндө документтер, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле сатып алуулар жөнүндө документтерде чагылдырылган түшүндүрмөлөр жалпыга маалымдоо каражаттарында, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга жатпайт.
9. Сатып алуулардын жабык жол-жобосуна катышууга электрондук документтер түрүндө тапшырык берүүгө, ошондой эле жабык сатып алуулар, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө документтерди берүүгө, сатып алуулар жөнүндө документтердин жоболоруна түшүндүрмө берүү жөнүндө суроо-талаптарды жөнөтүүгө жана мындай түшүндүрмөлөрдү электрондук документ түрүндө берүүгө жол берилбейт.
10. Сатып алуулардын жабык жол-жоболорун өткөрүүдө аудио- жана видео жазып алууларга тыюу салынат.
11. Сатып алуулардын жабык жол-жоболорунун натыйжалары, протокол менен жол-жоболоштурулат.
12. Өткөрүлгөн сатып алуулардын жабык жол-жоболорунун натыйжалары боюнча келишим түзүлөт.
13. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жооптуу түзүмдүк бөлүмү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына иштелип чыккан жана бекитилген техникалык спецификацияны, шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектөөчү жабдыктарын иштеп чыгууга, өркүндөтүүгө, ишке киргизүүгө жана коштоого байланышкан товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн санын, аталыштарын ж.б. берет.
14. Борбордук шайлоо комиссиясынын буйругу менен жүргүзүлүүчү ар бир сатып алууларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол берилген, курамы 5 адамдан кем эмес өзүнчө конкурстук комиссия түзүлөт. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны жуп эмес болууга тийиш, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарларынын бири жетекчиси болуп дайындалат.
15. Конкурстук комиссия:
- конкурстук комиссиянын жыйынынын протоколун жүргүзөт;
- тандап алуунун критерийлерин жана талаптарын түзөт;
- зарыл сатып алуулардын потенциалдуу берүүчүлөрүн аныкташат;
- берүүчүлөрдү катышууга чакырат;
- катышуучулардын сунуштарын карайт жана Берүүчүнү (аткаруучуну) аныктайт.
16. Борбордук шайлоо комиссиясы жеткирүүчүнү, подрядчыны же аткаруучуну сатып алуулардын жабык жол-жоболорунун натыйжалары боюнча конкурстук комиссиянын протоколуна (сунуштамасына) ылайык аныктайт. Жеткирүүчү, подрядчы же аткаруучу менен келишим түзүү жол-жобосун тескөө Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.
17. Колдо бар программалык камсыз кылууну же жабдууну, анын комплектелүүчү жабдыгын толуктап иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүү зарыл болгон учурда Борбордук шайлоо комиссиясы жогоруда аталган жол-жоболорду өткөрбөй туруп, аларды иштеп чыккандар менен келишим түзүүгө укуктуу.
18. Шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган башка эл аралык макулдашуулар тыюу салгандарды кошпогондо, коммерциялык жана/же коммерциялык эмес эл аралык уюмдар же чет мамлекеттерден башка аткаруучулар менен аталган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жолу менен жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорду жүргүзбөй туруп товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга келишим/келишимдерди же макулдашууларды түзүүгө укуктуу.