Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-июну № 423
2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 226 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Мады айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер - Абдивалиев Союзбек Суранович, Абдраимова Элнура Тайировна, Балтабаев Айбек Зундуевич, Боронов Сабыр Топчуевич, Олжобаев Уланбек Муркамилович катталган. Талапкерлер Мады айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Шайлоо эки турда өттү. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Мады айылдык кеңешиндеги 31 депутатынан 30 депутаты катышып, биринчи турунда, С.С.Абдивалиев - 15 добуш, Э.Т.Абдраимова - 0 добуш, А.З.Балтабаев - 0 добуш, С.Т.Боронов - 0 добуш, У.М.Олжобаев - 15 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш, экинчи турунда, Мады айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, С.С.Абдивалиев - 11 добуш, У.М.Олжобаев - 20 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Олжобаев Уланбек Муркамилович Мады айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8-июнундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Мады айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Олжобаев Уланбек Муркамилович Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Мады айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |