Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-июну № 424
2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 224 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Таалайбеков Чыңгыз Таалайбекович, Тажибаев Нурсултан Эшеналиевич, Урайимов Бактияр Жапарович катталган. Талапкерлер Жаңы-Алай айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Жаңы-Алай айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Ч.Т.Таалайбеков - 3 добуш, Н.Э.Тажибаев - 8 добуш, Б.Ж.Урайимов - 0 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Тажибаев Нурсултан Эшеналиевич Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8-июнундагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Тажибаев Нурсултан Эшеналиевич Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |