Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-июну № 426
2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Тамчы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы № 242 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Тамчы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Казиев Чынгыз Жекшенович, Касымов Жумабек Жаныбекович, Керимбаев Уланбек Керимбаевич катталган. Талапкер Тору-Айгырайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Тору-Айгыр айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып Ч.Ж.Казиев - 5 добуш, Ж.Ж.Касымов - 0 добуш, У.К.Керимбаев - 6 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Керимбаев Уланбек Керимбаевич Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Есенгулов Руслан Урустанбекович, Иманалиев Нурбек Тыбынович катталган. Талапкерлер Тамчы айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ысык-Көлаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Тамчы айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Р.У.Есенгулов - 7 добуш, Н.Т.Иманалиев - 4 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Есенгулов Руслан Урустанбекович Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Тамчы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Тору-Айгыр жана Тамчы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 17-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Тамчы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Тамчы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Керимбаев Уланбек Керимбаевич Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгырайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Есенгулов Руслан Урустанбекович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Тору-Айгыр жана Тамчы айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |