Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-июну № 427
2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы № 248 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Бектемиров Авас Турдубаевич, Уланбек уулу Жолдошбек катталган. Талапкерлер Дөбөлү айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Дөбөлү айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, А.Т.Бектемиров - 9 добуш, Уланбек уулу Ж. - 1 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Бектемиров Авас Турдубаевич Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8-июнундагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Бектемиров Авас Турдубаевич Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |