Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-июну № 428
2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы № 245 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Аалиев Аманбек Насирдинович, Абдылдаев Алмаз Орозбекович, Таштанкулов Азамат Асаналиевич катталган. Талапкерлер Баетов айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Баетов айылдык кеңешиндеги 21 депутатын 20 депутаты катышып, А.Н.Аалиев - 5 добуш, А.О.Абдылдаев - 15 добуш, А.А.Таштанкулов - 0 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Баетов аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Абдылдаев Алмаз Орозбекович Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8-июнундагы Баетов аймактык шайлоо комиссиясынын Баетов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Баетов аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Абдылдаев Алмаз Орозбекович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |