Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 13-январы №7

Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын (2009-2011-жылдары) долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө

Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын (2009-2011-жылдары) долбоорун толуктап иштеп чыгуу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы № 601 "Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын (2009-2011- жылдары) долбоору жөнүндө" токтому менен жактырылган Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын (2009-2011-жылдары) долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы № 601 "Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын (2009-2011-жылдары) долбоору жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп эсептелсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов