Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-июну № 429
2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы № 246 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Байзак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Качкынбаев Кайрат Кедейбекович, Кучмуратов Таалайбек Исмаилович, Сагынбеков Байыш Сагынбекович, катталган. Талапкерлер Байзак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Байзак айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, 1-турда: К.К.Качкынбаев - 5 добуш, Т.И.Кучмуратов - 7 добуш, Б.С.Сагынбеков - 9 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0; 2-турда: Кучмуратов - 10 добуш, Б.С.Сагынбеков - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Сагынбеков Байыш Сагынбекович Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8-июнундагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Байзак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Сагынбеков Байыш Сагынбекович Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Байзак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |