Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-июну № 430
2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы № 247 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Исраилов Мирлан Мажитович, Курманалиева Упакл Ашырбековна, Мусаев Алибек Төлөгөнович катталган. Талапкерлер Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Кочкор айылдык кеңешиндеги 21 депутатын 20 депутаты катышып, М.М.Исраилов - 11 добуш, У.А.Курманалиева - 0 добуш, А.Т.Мусаев - 8 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Исраилов Мирлан Мажитович Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8-июнундагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Исраилов Мирлан Мажитович Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |