Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июну № 431
2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8-июнун да Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 262 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас районун ун Көк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Мурат Шамиль катталган. Талапкер Көк-Ой айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнун дагы протоколу менен Көк-Ой айылдык кеңешиндеги 21 депутатын 19 депутаты катышып, Мурат Шамиль - 17 добуш, жараксыз бюллетень 1, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнун дагы протоколу менен Мурат Шамиль Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Борбашов Музурбек Турмабекович, Дүйшеналиев Канат Куштарбекович, Тажыканов Эмил Талантбекович Бердике баатыр айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Шайлоо эки турда өттү. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнун дагы протоколу менен Бердике баатыр айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, биринчи турунда М.Т.Борбашов - 1 добуш, К.К.Дүйшеналиев - 5 добуш, Э.М.Тажыканов - 4 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш, экинчи турунда К.К.Дүйшеналиев - 4 добуш, Э.М.Тажыканов - 6 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш, берилгендиги белгиленген.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнун дагы протоколу менен Тажыканов Эмил Талантбекович Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Талас облусунун Талас районун ун Көк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8-июнун дагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнун да өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мурат Шамиль Талас облусунун Талас районун ун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Тажыканов Эмил Талантбекович Талас облусунун Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Көк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |