Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-июну № 440
2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 252 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Талас облусунун Талас шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер - Жусупбеков Адылбек Доолотбекович "Республика" депутаттык фракциясынан, Шабданов Аскар Адылбекович "Асыл-Мурас Жаштар" фракциясынан сунушталып катталган.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Талас шаардык кеңешиндеги баардык 31 депутаты катышып, А.Д.Жусупбековго - 8 добуш, А.А.Шабданов - 23 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Шабданов Аскар Адылбекович Талас шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 10-июнундагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Шабданов Аскар Адылбекович Талас облусунун Талас шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Талас шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |