Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-июну № 441
2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 254 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер - Иманбеков Бердибек Шайлообекович "Улуу Кыргызстан" депутаттык фракциясынан, Чекиров Муктар Сокинович "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Чолпон-Ата шаардык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Б.Ш.Иманбеков - 14 добуш, М.С.Чекиров - 6 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Иманбеков Бердибек Шайлообекович Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 10-июнундагы Чолпон-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 10, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Иманбеков Бердибек Шайлообекович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |