Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-июну № 442
2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 210 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – Джумабаев Эрнур Нурадинович көпчүлүк коалициясынан сунушталып катталган.
Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Кайыңды шаардык кеңешиндеги 21 депутаттын 13 депутаты катышып, Э.Н.Джумабаев - 13 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Джумабаев Эрнур Нурадинович Кайыңды шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Панфилов районун Кайыңды шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Джумабаев Эрнур Нурадинович Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кайыңды шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "ЭркинТоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |