Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-июну № 444
2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 255 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер - Майлибашев Улан Бекболотович көпчүлүк коалициясынан сунушталып катталган.
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Кант шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, У.Б.Майлибашевге - 29 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 2 добуш берилгендиги белгиленген.
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Майлибашев Улан Бекболотович Кант шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 10-июнундагы Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районун Кант шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Майлибашев Улан Бекболотович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кант шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |